Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:20

Татарстандагы дрон чабуулунан кыргызстандык жаран жараат алды


"Алабуга" өзгөчө экономикалык аймагы. 2-апрель, 2024.
"Алабуга" өзгөчө экономикалык аймагы. 2-апрель, 2024.

Татарстандын Елабуга шаарына дрон соккусунан кыргызстандык жаран жараат алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 2-апрелде билдирди. Маалыматка ылайык, соккудан жалпы алты киши жабыркаган, алардин бири - 17 жаштагы кыргызстандык жаран.

Кыргызстандын Казандагы консулдугунун кызматкерлери анын абалынан кабар алып, толугураак маалымат берилери айтылды.

Мунун алдында орусиялык ТАСС агенттиги Татарстандын Елабуга жана Нижнекамск шаарларына учкучсуз аппараттардан сокку урулганын жергиликтүү бийликтин маалыматына таянып жазган. Сокку өндүрүштүк ишкананын имаратына тийгенин, андан жети адам жабыркаганын “РИА Новостиге” таянып “Свобода” радиосу кабарлады.

Жарылуу болгон учурда тартылып калган тасмалар да интернетке жарыяланды.

Елабугадан он чакырымдай алыс жайгашкан “Алабуга” өзгөчө экономикалык аймагынын маалымат кызматы мекеменин жатаканасына эки дрон сокку урганын маалымдады.

“Осторожно, новости” Телеграм-каналы билдиргендей, Елабугадагы чабуулдан өзгөчө экономикалык аймактын кызматкерлери жана “Алабуга Политех” коллежинин студенттери үчүн курулган хостелдерге зыян келтирилди.

Нижнекамскинин мэри Рамиль Муллин учкучсуз аппараттар мунайды кайра иштетүүчү заводго сокку урганын, андан эч ким жабыркабаганын билдирди.

Орусия Украинага каршы толук кандуу согуш баштагандан кийин Татарстандагы “Алабуга” өзгөчө экономикалык аймагында Ирандын “Шахед” дрондору “Герань-2” деген аталышта чыгарыла баштаган. “Свобода” “Протокол” басылмасынын “РЗВРТ” Ютуб каналы менен бирге даярдаган иликтөөсүнө таянып, дрондорду “Алабуга Политех” коллежинин студенттери чогулта турганын жазып чыкты.

Маалыматта былтыр күзүндө Украинага урулган соккулардын 600дөйү ушул дрон менен жасалганы айтылган.

Москва Орусиянын аймагына абадан урулган соккуларга Украинанын куралдуу күчтөрүн айыптаса, Киев адатта мындай айыптоолорго комментарий бербейт.

XS
SM
MD
LG