Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

WCK уюму Газага гумжардам жеткирген кызматкерлери каза болгонун билдирди


World Central Kitchen уюмунун автомашинасы. Газа. 2024-жылдын 2-апрели.
World Central Kitchen уюмунун автомашинасы. Газа. 2024-жылдын 2-апрели.

Газада бүгүн 2-апрелде Израилдин соккусунан World Central Kitchen (WCK) эл аралык гуманитардык бейөкмөт уюмунун жети кызматкери каза болду. Маалыматты уюм расмий тастыктады. Окуя сектордун борбордук бөлүгүндөгү Дейр-эл-Балаха шаарында болгону, деңиз менен жеткирилген 100 тоннадан ашуун гуманитардык азык-түлүк жардамын калтырып, кампадан чыгып бараткан автомашина аткыланганы маалымдалды.

Израил армиясы окуя боюнча «эң жогорку деңгээлде тыкыр териштирүү жүрүп жатканын» билдирди.

Каза болгондор арасында Австралиянын, Улуу Британиянын жана Польшанын жарандары бар экени аныкталды.

«Бул WCK уюмуна гана жасалган чабуул эмес, бул тамак-аш согуштун куралы катары колдонулуп жаткан эң оор кырдаалда иштеген гуманитардык уюмдарга чабуул. Кечирим жок», - деди World Central Kitchen уюмунун аткаруучу директору Эрин Гор.

Аталган уюм 2010-жылы негизделген. Ал ар кандай өзгөчө кырдаалдан жабыркаган жай тургундарга тамак-аш жеткирип иштейт.

Былтыр 7-октябрда Израил ХАМАСтын (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) кол салуусуна кабылып, ага каршы согушу Газада азыр да уланууда. Согуш жүрүп жаткан аймактардан качкан жай тургундар ачарчылыкка кептелип, гуманитардык кризис курчуп баратканын эл аралык укук коргоо уюмдары белгилөөдө. (RK)

XS
SM
MD
LG