Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда маалымат каражаттарында жана интернетте жалаа жана мазактоо үчүн жоопкерчилик киргизүүнү сунуштоодо.
Министрлик бул тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Демилгечи Укук бузуулар кодексин маалымат каражаттарында жана интернетте жарандарга жалаа жаап, мазактоо үчүн жоопкерчилик караган беренелер менен толуктоону сунуштап жатат.
Ага ылайык, Укук бузуулар жөнүндө кодекске төмөнкүдөй кошумча беренелер кирет.
1. Жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет тармагындагы сайтта же анын баракчасында камтылган кемсинтүү, башкача айтканда башка адамдын ар-намысын жана кадыр-баркын адепсиз формада атайын кемсинтүү.
Сунушка ылайык, бул берене боюнча айыптуу деп табылган тарапка: жеке адамга - 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга - 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынат.
2. Жалаа жабуу, башкача айтканда жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет тармагындагы сайтта же сайттын баракчасында башка адамдын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген жалган маалыматтарды билип туруп таратуу.
Сунуш боюнча бул берене менен айыпталган жеке адамга - 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга - 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынат".
Демилгечи тарап мыйзамдын максаты жана милдети жабырлануучунун мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жана адилеттүүлүктү камсыз кылуу болорун билдирүүдө.
Сунуштун негиздемесинде акыркы убактарда ЖМК жана интернет айдыңында жалган маалыматтардын таралышы жана мазактоо учурларынын көбөйүшү байкалып жатканы, бул коомдук адеп-ахлакка жана адамдардын мамилесине коркунуч жаратары айтылган.
"Азыркы учурда Кыргызстандын жарандык мыйзамдары жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет-платформаларда мазактоо жана атайылап жалган маалыматтарды жайылтуу учурларына жетиштүү түрдө натыйжалуу жооп кайтарбайт. ЖМК жана интернетте жайылган мазактоо жана басынтуу жалпы коомго терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул чыр-чатактын күчөшүнө, адамдар арасындагы мамилелердин начарлашына жана коомдук туруктуулуктун бузулушуна алып келиши мүмкүн" деп жазылган анда.
Демилгечилер ошондой эле мындай жалаа жана жалган айыптоолор маалыматка жана ЖМКга ишенимди кетириши мүмкүндүгүн белгилеп, аны мыйзам менен тескөө зарыл деп белгилешүүдө. Ага ылайык, мыйзам кабыл алынса социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттердин алдын алууга шарт түзүлөрү тууралуу жазылган.
Кыргызстандагы журналисттер, укук коргоочулар жана жарандык активисттер өлкөдө сөз эркиндигин чектөө күч алып жатканын айтып келишет.
7-мартта "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоорун президент артка кайтарып, аны толуктап иштеп чыгууну тапшырган. 55 беренеден турган мыйзам долбоорунда жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо жана ишмердигин жүргүзүү, журналисттердин милдети жана укугу каралган. Анда “Сөз жана басма сөз эркиндигин кыянаттык менен пайдаланууга жоопкерчилик” деген берене да кирген. (ZKo)