Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:02

Украинанын бир нече аймагы дрон чабуулуна кабылды


Украина.
Украина.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 2-апрелге караган түнү Орусия учурган 10 “Шахед” учкучсуз учагынын тогузу атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Дрон соккусу тууралуу абадан эскертүү Днепрде, Кривой Рогдо, Запорожьеде, Кировоград облусунда жана Павлоградда жаңырып жатты. Днепрде учкучсуз учактын чабуулунан кийин жарылуу болгонун жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты.

Шейшембиге караган түнү Орусиянын тактикалык авиациясы Харьков облусунун аймагына башкарылуучу бомбаларды таштаганы да кабарланды.

Херсон облусунун жети калктуу пункту аткылоого кабылганын, бир нече үй, газ кууру жана чарбалык жайлар талкаланганын, эки киши жараат алганын аймактын аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудин билдирди.

Орусия Украинага 2022-жылдын 24-февралында кол салып, аны «атайын аскердик операция» деп атаган. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия "согуш абалында" экенин быйыл 22-мартта гана белгилеп, Москва үчүн эң башкысы Украинадагы орус күчтөрү убактылуу оккупациялап алган төрт облустун аймагын ээлеп калуу экенин айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG