Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:26

Тармактык комитетте жаңы салынган жолдордун сапаты боюнча маселе көтөрүлдү


Бишкектеги жолдордун чуңкурларын жамоо иштери.
Бишкектеги жолдордун чуңкурларын жамоо иштери.

Жогорку Кеңештеги Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин 2-апрелдеги жыйынында депутат Улугбек Ормонов Бишкек – Кара-Балта жолу улам оңдолуп жатканын айтып, мунун себебин сурады.

“Жаңы салынган жолдун бир жыл ичинде бузула баштагандыгы бизди ойлонтууга тийиш. Аны салган компанияга башка жолдорду бербеш керек. Кепилдик мөөнөтүндөгү жолдун сапаты боюнча маселени коюшубуз керек. Бишкек шаарынын ичиндеги жолдор да ушундай абалда. Кытайдан алган гранттын эсебинен аябай көп жолдорду оңдодук, бир жылга жетпей алардын тамтыгы чыгып жатат”, - деди Ормонов.

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев Бишкек – Кара-Балта жолунун бузулушуна оор жүк ташуучу унаалар себеп экенин, жолду кабыл алууда атайын лабораториялык текшерүүлөр жүрө турганын билдирди.

Депутат Ормонов жолдордун бузулушу боюнча тармактык комитеттин алкагында маалымат алып, жумушчу топ түзүүнү сунуштады.

Бишкек – Кара-Балта жолунун курулушу 2017-жылы башталып, алты жылдан ашык убакытка созулган. Долбоорду кытайлык China Railway №5 компаниясы салган. 2022-жылы Башкы прокуратура бул жолду салууда мамлекетке 104 млн 81 миң 600 сом зыян келтирилгени аныкталганын, кылмыш иши козголгонун билдирген.

Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясы “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы калаадагы жолдорду оңдоп, жамоо иштерин жүргүзүп жатканын билдирген.

Бишкекте жаз келгени көчөлөрдүн жолдору жыртылып, аң-чөнөктөр көбөйдү. Шаардын тургундары бул боюнча социалдык тармактарда жазып, сүрөт-видеолорун жарыялап жатышат. Шаардыктар Бишкекте айрым жолдор салынгандан бир-эки жыл өтпөй жарактан чыгып жатканын айтышууда.

XS
SM
MD
LG