Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:24

Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан жолуна 8 млрд доллар сарпталат


Кыргызстан менен Кытайдын темир жолчуларынын Жалал-Абаддагы жолугушуусу.
Кыргызстан менен Кытайдын темир жолчуларынын Жалал-Абаддагы жолугушуусу.

Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушуна даярдык иштери аягына чыгып калганын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Ал бул тууралуу 2-апрелде Бишкекте агро өнөр жай тармагына арналган форумда сүйлөп жатып айтты.

"Темир жолдун курулушуна 8 млрд доллардай акча жумшалат", - деди өкмөт башчы.

19-мартта Жалал-Абад шаарында "Кыргыз темир жолунун" башкы директору Азамат Сакиев менен "Кытай темир жолу" корпорациясынын жетекчисинин орун басары Ванг Тунцзен жетектеген делегация жолугушкан. Алар "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолунун долбоору боюнча мурда иштелип чыккан техникалык-экономикалык негиздемеге кошумча маалыматтарды такташканы, андан ары Бишкекте жана Нарын облусунда да жолугушуулар болору кабарланган.

Марттын башында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган делегация Кашкар шаарына барып, Кытай менен Өзбекстандын жогорку бийлик өкүлдөрүнө жолугуп келген.

Президент Садыр Жапаров декабрда өткөн Элдик курултайда темир жолдун курулушу 2024-жылы башталарын айткан. Жол тилкеси Кыргызстандын аймагында Торугарт - Кош-Дөбө - Казарман - Жалал-Абад багыты аркылуу өтүүгө тийиш.(ZKo)

XS
SM
MD
LG