Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:52

Кыргызстанда жумушсуздардын 44% көбүн кыз-келиндер түзөт


Кыргызстанда жумуш издегендердин саны 65,1 миң киши деп эсептелип, былтыркыдан 12% азайды. Алардын теңинен көбү Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарына туура келет.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги “Азаттыкка” билдиргендей, бул - 2024-жылдын 1-мартына карата иш издеп жүргөндөрдүн расмий каттоого алынгандагы эсеби. Ал эми Улуттук статистика комитетинин сурамжылоосунун негизинде жумушсуз деп саналган, бирок иш издеп каттоого турбагандарды кошкондо, 131 600 адамды түзөт. Алардын 44,3% - аялдар. Өлкөдөгү жалпы жумушсуздук деңгээли 5% жакын деп көрсөтүлгөн.

29-февралда Эл аралык республикалык институт (IRI) уюмунун тапшырмасы боюнча SIAR эл аралык изилдөө-консалтинг компаниясы жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгы чыккан. Анда Кыргызстан үчүн бүгүнкү күндө эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири жумушсуздук экени айтылган.

“Сиз жана үй-бүлөңүз үчүн кайсы көйгөй эң олуттуу болуп саналат?” деген суроого көпчүлүк “жумушсуздук” деп жооп берген. Аталган уюмдун былтыркы сурамжылоосунда жумушсуздук жеке көйгөй экенин айткандар 15% болсо, быйыл 25% түзгөн.

Калк арасындагы жумушсуздук боюнча расмий көрсөткүч менен эл аралык уюмдардын эсебинде дайыма айырмачылык болуп келет. Адистердин айтымында, буга жумушсуздардын расмий каттоого толук турбаганы себеп болууда. Эл аралык валюта фондунун маалыматы боюнча Кыргызстандагы жумушсуздуктун жалпы көрсөткүчү 9% деп эсептелген.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин эсебинде, жети миллион калкы бар Кыргызстанда жумушка жарамдуулардын саны 2 миллион 712 миң кишини түзөт. Алардын 2 миллион 581 миңи иш менен камсыз болгону айтылат.

Ар кандай эсептерге ылайык, өлкөнүн миллиондон ашуун жараны чет мамлекеттерде, негизинен Орусияда эмгек миграциясында жүрөт. (SE)

XS
SM
MD
LG