Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:56

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат


Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" чек ара бекети. (архив)
Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" чек ара бекети. (архив)

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) караштуу Чек ара кызматы маалымдагандай, кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркечтам" чек ара бекеттери 4-апрель күнү убактылуу жабылат.

Маалыматка ылайык, чек ара бекеттери Кытай тараптын демилгеси менен Цинмин - маркумдарды эскерүү күнүн майрамдоого байланыштуу жабылууда.

"Торугарт" жана "Эркечтам" чек ара бекеттери 5-апрелден тарта ишин улантат.

Аталган чек ара бекеттериндеги бажы кызматтары президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 1-марттан тарта күнү-түнү, дем алышсыз иштөөгө өткөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG