Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:58

Турак жайларда энергияны үнөмдөө мыйзам менен тескелет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети 2-апрелдеги жыйынында "Энергияны үнөмдөө боюнча мыйзамга" өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун 1-окууда карап жатат.

Мыйзам демилгечилеринин маалыматында, бул мыйзам менен көп кабаттуу жана жер үйлөрдө, социалдык мекемелерде электр, жылуулук энергиясын үнөмдөө тескелет. Курулушчуларга энергияны үнөмдөө талабы коюлат.

Комитетте айтылган маалыматтарга караганда, Европа өнүктүрүү банкынан жеке үйлөрдү жана ишканаларды жылуулоо үчүн насыя жана грант катары 105 млн доллар берилген. Мектеп, бала бакча жана башка социалдык мекемелерде энергияны үнөмдөө жана көмүр кычкыл газын азайтуу максатында Азия өнүктүрүү банкынан насыя жана гранттар алынган.

Мыйзам демилгечилеринин маалыматында айтылгандай, долбоор кабыл алынса, энергетика тармагын өнүктүрүү менен анын баасына да таасир тийгизет.

Депутаттар Улукбек Ормонов жана Тазабек Икрамов жыйынга энергетика министри жана Курулуш архитектура агенттигинин жетекчиси келбегенине нааразы болушту.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү "мыйзам долбоору жеткиликтүү иштелип чыккан эмес" деген жүйө менен демилгечи топко долбоорду иштеп келүүнү жана маалыматтарды толуктоону тапшырды.

Кыргызстандагы энергетика тармагына 2023-жылдын 1-августунан 2026-жылдын 31-декабрына чейин өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Министрлик режим жаңы чакан ГЭСтердин, күн станциялардын курулушун тездетүү максатында киргизилип жатканын билдирген. Ага ылайык, өзгөчө кырдаал режими учурунда министрликтин укугу кеңейип, жер тилкесине, сууга байланыштуу чечимдерди өз алдынча кабыл алат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG