Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:29

Стамбул, Анкара мэрин шайлоодо оппозициялык талапкерлер алдыга чыкты


Түркиянын Диярбакыр аймагы. 31-март, 2024-жыл
Түркиянын Диярбакыр аймагы. 31-март, 2024-жыл

Түркиянын ири шаарларынын бири – Стамбулдагы мэр шайлоодо учурдагы калаа башчысы, президент Режеп Тайып Эрдоганга оппозициячыл маанайдагы Экрем Имамголу алдыга чыкты. Бул тууралуу түркиялык маалымат каражаттары алдын ала добуш берүүнүн жыйынтыгына таянып жазышты.

Добуштардын 60% эсептөөдө Имамоглу 50%, ал эми анын атаандашы, башкаруучу партиянын мүчөсү Мурат Курум 41% алды. Президент Режеп Тайып Эрдоган ушул саясий жарышта Стамбулду башкарууну оппозициядан өз колуна алгысы келген. Башкалаа Анкарада да учурдагы мэр, оппозициячыл талапкер Мансур Яваш дагы алдыда келе жатат.

Түркияда жекшембидеги муниципалдык шайлоолордо негизги таймаш оппозициячыл Элдик-республикалык партиянын жана бийликтеги "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясынын (АК) талапкерлери ортосунда өттү.

Алдын ала жыйынтык боюнча Измир, Анталия шаарларында Элдик-республикалык партия 39% добушка ээ болуп, атаандаштарынан алдыда келе жатат.

Добуш берүүгө 61 миллиондон көп киши катталган.

Бул Түркиядагы соңку он ай ичиндеги үчүнчү шайлоо болуп саналат. Былтыр президенттик шайлоонун биринчи айлампасы 14-майда, экинчи айлампасы 28-майда өткөн. Анда Эрдоган добуштардын 52,14% алып, президенттикке шайланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG