Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:38

Дагестанда үч киши террорчулукка шек саналып кармалды


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

"Свобода" радиосу жекшемби күнү Дагестанда атайын кызматтын операциясы учурунда куралчан үч адам кармалганын жазды. Терроризмге каршы улуттук комитет алар теракт уюштурууну пландап жатышканын билдирген. Кармалгандардан курал-жарак, ок-дарылар жана колго жасалган жардыруучу заттар табылган.

31-марттын таңында Дагестандын борбор калаасы Махачкала менен Каспийск шаарына контртеррордук операция режими киргизилген. Ага ылайык, бул шаарларда жергиликтүү тургундарга бир катар чектөөлөр коюлду. Айрым үйлөрдөн жарандар эвакуацияланды.

Түшкө жакын эки шаарда тең операция токтотулду. (AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG