Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:16

Путин жазгы аскердик чакыруу тууралуу жарлыкка кол койду


"Свобода" радиосу Орусиянын президенти Владимир Путин бир жылдык жазгы аскердик чакыруу жөнүндө жарлыкка кол койгонун жазды. Маалыматка караганда, аскерге чакыруу 1-апрелден 15-июлга чейин созулат. Бул аралыкта аскерге 150 миң адамды кабыл алуу пландалып жатат.

1-январда күчүнө кирген жаңы эрежеге ылайык, армияга 18 жаштан 30 жашка чейинки курактагы жарандар чакырылат. Буга чейин аскерге чакыруу курагынын жогорку чеги 27 жаш менен чектелчү. 2023-жылдын декабрынын аягына чейин 27ге толгон орусиялыктар аскерге алынбайт.

Орусиянын Башкы штабы буга чейин аскерге милдеттүүлөр Украинадагы согушка тартылбай турганын билдирген.

Расмий маалыматтар боюнча, буга чейинки күзгү чакырууда 130 миң адам армияга чакырылган.

Орусия Украинага кол салгандан бери орус өкмөтү тиешелүү мыйзамдарга бир катар өзгөртүүлөрдү киргизген. Аскер комиссариатына чакырылып, бирок келбегендерге айып пул 10 эсеге – үч миң рублдан 30 миң рублга чейин көбөйтүлгөн. Түрмөлөр менен колонияларда жазасын өтөп жаткандар үчүн да атайын аскердик каттоо режими киргизилген.
Би-Би-Си жана "Медиазона" басылмасы биргелешип Украинада согуш башталгандан ушул убакка чейин кеминде 49 281 орусиялык аскер мерт болгонун аныктаган.
Набыт кеткендердин 5908и мобилизацияга тартылгандар, 8887си абактан согушка жөнөтүлгөндөр, ал эми 6434ү ыктыярчылар болуп чыккан. (AiA)

XS
SM
MD
LG