Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:58

Жаңы футбол стадиону Беш-Күңгөйгө курулат


Кыргызстандык футбол күйөрмандары.
Кыргызстандык футбол күйөрмандары.

Садыр Жапаров Беш-Күңгөй айылындагы футбол комплекси курула турган жерге күтүүсүз барды.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жапаров комплекс долбоору менен таанышып, келечектеги чемпиондорду даярдоого, жарандардын ден соолугун чыңдоого жана активдүү эс алууга шарт түзүү маанилүү экенин белгиледи.

Маалыматта комплекстин аймагында трибуналары бар толук көлөмдөгү футбол аянты, машыгуу аянтчасы жайгаша турганы айтылган. Батыш трибунада фитнес залдары, кийим которуучу бөлмөлөр, сыйлуу коноктор үчүн зал, техникалык бөлмөлөр, баяндамачылар бөлмөсү жана жыйын залы болот.

Коммерциялык жана техникалык жайлар чыгыш трибунада жайгаштырылат. Жер тилкесинин жалпы аянты 1,94 гектар.

Бишкекте 22,5 миң адам бата турган заманбап жаңы футболдук стадиондун курулушу башталары алгач 2022-жылы маалым болгон. Анда стадион Бишкектин кайсы жерине салынары айтылган эмес.

Азыркы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион - эл аралык мелдештерди кабыл ала турган жалгыз жай. Мурда ал “Спартак” стадиону деп аталып, 1939-жылы башталып, 1941-жылы курулуп бүткөн. 1963-жылы кайрадан реконструкцияланган. Стадиондо футболдук аянт, чуркоо жолу, 18 миң күйөрман сыйган трибуна, спорт ийримдери үчүн жайлар бар.

XS
SM
MD
LG