Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59

Украина өткөн түнү Орусиянын 26 учкучсуз учагы атып түшүрүлгөнүн маалымдады


Украина.
Украина.

28-мартка караган түнү Орусиянын 28 учкучсуз учагынын 26сы атып түшүрүлгөнүн Украинанын куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Харьковдо «Шахед» дрону коомдук тамактануучу жайды, Запорожьеде беш үйдү талкалаганы, эки киши жараат алганы, Одессада дрон энергетика объектисин бутага алганы, бирок атып түшүрүлгөнү маалымдалды.

Мындан тышкары канаттуу Х-22 ракеталарынан үчөө, радарга каршы Х-31П ракетасы жана С-300 зениттик комплексинин ракетасы учурулганы белгилүү болду.

27-мартта Николаев шаары ракеталык чабуулга кабылганда жарадар алгандар 12 киши экени айтылды. (RK)

XS
SM
MD
LG