Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:29

Пакистан: жанкечтинин кол салуусунан беш кытай жараны набыт болду


Пакистандын түндүгүндөгү жанкечти теракт уюштурган жерде жүргөн коопсуздук күчтөрү. 26-март, 2024-жыл.
Пакистандын түндүгүндөгү жанкечти теракт уюштурган жерде жүргөн коопсуздук күчтөрү. 26-март, 2024-жыл.

Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясында бомба коюлган автоунаа менен террорчу-жанкечти кытайлык жумушчулар бараткан автобусту сүзүп, беш киши мүрт кетти.

Андан тышкары автобустун айдоочусу, пакистандык жаран да 26-марттагы окуяда набыт болгонун полиция билдирди.

Каза болгон чет элдиктер расмий Бээжин каржылаган Дасудагы гидроэнергетикалык долбоордо эмгектенип келишкен. Ал долбоордун курулушун кытайлык Gezhouba Group компаниясы жүргүзүүдө.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким моюнга ала элек.

Кытайдын өкмөтү каржылаган коомдук инфратүзүмдөрдө эмгектенген кытайлык жумушчуларга каршы багытталган чабуулдар буга чейин да болгон.

2021-жылдын июль айында кытайлык жумушчулар бараткан автобуска коюлган бомба жарылып, тогуз кытайлык, төрт пакистандык мүрт кеткен.

Жараат алгандардын саны 20дан ашкан. Анда расмий Исламабад чабуулду “Техрик-е Талибан Пакистан” уюмунун жогорку даражалуу командири Мухаммад Тарик Рафик уюштурганын билдирген. Ал 2023-жылдын июль айында жок кылынган.

XS
SM
MD
LG