Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:48

Балтимордо көпүрө кулап, 20дан көп киши жабыркады


Балтимордогу Фрэнсис Скотт Ки атындагы көпүрөнүн кулап түшкөндөн кийинки көрүнүшү. 26-март, 2024-жыл.
Балтимордогу Фрэнсис Скотт Ки атындагы көпүрөнүн кулап түшкөндөн кийинки көрүнүшү. 26-март, 2024-жыл.

АКШнын Мэриленд штатындагы Балтимор шаарында төрт тилкелүү, 2,5 чакырымга созулган автоунаа көпүрөсү кулап түштү. Америкалык маалымат каражаттары жазгандай, 26-мартка караган түнү Патапско дарыясындагы көпүрөнүн тирөөчүн жүк ташуучу кеме сүзгөн. Андан соң өрт тутанып, көпүрө кулап түшкөн.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиргендей, бул маалда көпүрөнүн үстүндө бир нече машине жана жүк ташуучу унаа жүрүп бараткан. Алардын баары жана 20дай киши сууга кулаган. Учурда жети кишинин дайыны табылбай жатат. Калгандары куткарылды.

Тиешелүү кызматтардын маалыматына ылайык, суунун температурасы бул маалда тогуз градусту түзгөн.

MarineTraffic билдиргендей, көпүрөнүн тирөөчүн Сингапурдун желеги менен бараткан 300 метрлик Dali деп аталган жүк ташуучу кеме сүзгөн.

Мэриленд штатынын губернатору Уэс Мур өзгөчө кырдаал абалын жарыялады. Ал эми Балтимордун мэри Брэндон Скотт кырсыкты “трагедия” деп атап, федералдык өкмөт менен кызматташып жатканын билдирди.

Фрэнсис Скотт Ки атындагы көпүрө 1977-жылы салынган. Ал АКШнын мамлекеттик гимнинин авторунун урматына аталган.

Балтимор порту - АКШдагы ири жүк ташуучу порттордун бири. 2023-жылы бул порт аркылуу 800 миң автоунаа өткөн.

XS
SM
MD
LG