Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:28

Байгазиев атомдук станция куруу үчүн келишим түзүлө турганын айтты


Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев Кыргызстан атомдук электр станциясын куруу боюнча келишим түзүүнүн алдында турганын билдирди. Бул тууралуу ал 25-мартта “Атомэкспо” форумунда сүйлөп жатып айтты.

“Биз учурда “Росатом” корпорациясынын алдындагы “Новавинд” компаниясы менен инвестициялык кызматташуу келишимин түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Биз төмөн кубаттуулуктагы атом электр станциясын куруу жана толугу менен жашыл электр энергиясына өтүү боюнча келишим түзөбүз, бул эч кимге сыр эмес”, - деди Байгазиев.

2022-жылы 22-ноябрда Кыргызстандын Энергетика министрлиги жана “Росатом” кол койгон документке ылайык, орусиялык ишкана Кыргызстандын аймагында курулуучу чакан атомдук станциянын техникалык-экономикалык негиздемесин даярдай турганы белгилүү болгон. Бул боюнча коомчулуктагы нааразылыктардан улам кыргыз өкмөтүнүн берген түшүндүрмөсүндө Кыргызстан атом станциясын куруунун зарылдыгын карап чыгары айтылган.

Кыргызстанда электр энергиясын керектөө жылдан-жылга өсүүдө. Жыл ичиндеги бардык өндүрүлгөн жарыктын көлөмү 14 млрд кВтка жакын, ал эми колдонуу 17 млрд кВтка жетет. Кыргыз өкмөтү соңку эки жылдан бери таңкыстыкты жабуу үчүн Түркмөнстан, Өзбекстан жана Казакстандан 3 млрд кВт электр тогун импорттоп келет.

Мындан улам өкмөт былтыр 1-августтан тарта энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режими киргизилип, электр энергиясын өндүрүүнүн жаңы булактарын ишке ашыруу максаты коюлганын билдирген.

XS
SM
MD
LG