Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:29

"Кактус Медиа" доодон кутулуу үчүн каражат чогултууну улантууда


“Кактус Медиа” басылмасы "Вечерний Бишкек" медиасынын доо арызынын негизинде талап кылынган 500 миң сомдук кенемтени ашар жолу менен чогулган каражаттын эсебинен төлөп жатканын билдирди. Басылма бул тууралуу 25-мартта сайтына жарыялады.

Анда элден чогулган каражат менен “Кактус Медианын” кабарчысы Диля Юсуповадан талап кылынган 100 миң сомдук кенемте толук төлөнүп берилгени жазылган.

“Кактус Медианын” кожоюну “ПроМедиа Плюс” фондунун эсебине каражаттар дагы эле түшүп жатат, өткөн аптада 13 миң 500 сом чогулган. Басылма чогулган каражат 500 миң сомдук кенемтени төлөөгө жумшаларын тактады.

Мындан тышкары фонд доо боюнча февраль жана март айларында 300 миң сом төккөн.

“Кактус Медиа” азыркы мыйзам боюнча моралдык чыгым юридикалык жак үчүн колдонулбайт, ал бир гана жеке жактарга гана тиешелүү деп эсептейт. Бирок “Кактус Медиа” Жогорку соттун чечимин аткарып жатат”, - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин “Кактус Медианын” жамааты медиага жана анын кызматкерине тагылган доодон кутулуу үчүн краудфандинг жарыялаган. Натыйжада Юсупованын эсебине 146 миң сом чогултулуп, кабарчы 100 миң сомдук доодон толугу менен кутулганы белгилүү болгон. Калган каражат "Кактус Медиага" тагылган доону төлөөгө жумшалмак.

“Вечерний Бишкек” басма үйү гезиттин жабылышы тууралуу макалага байланыштуу “Кактус Медиа” басылмасын былтыр январь айында сотко берген. Буга 2022-жылы декабрда “Кактус Медиа” “Вечерний Бишкек” гезити 2023-жылдын январь айынан баштап чыкпай турганын, электрондук vb.kg сайты калганын жазганы негиз болгон.

“Вечерний Бишкек” бул кабар чындыкка дал келбейт деген жүйө менен сотко кайрылып, 50 миллион сомдук доо койгон. Журналист Диля Юсупова, башкы редактор Наталья Тимирбаева жана негиздөөчүсү Дина Масловадан 25 миллион сом, калган 25 миллион сомун сайттын өзүнөн өндүрүүнү талап кылган.

Былтыр 23-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту макаладагы маалыматты чындыкка дал келбейт деп таануу тууралуу доо арызды жарым-жартылай канааттандырган. Башкача айтканда кабардагы “банкрот” деген сөз гана жокко чыгарылган.

Басылманын журналисти Диля Юсупова 100 миң сом, Kaktus.media деген бренд менен таанымал “ПроМедиа Плюс” коомдук фонду (Kaktus.media басылмасынын ээси) 500 миң сом - баш-аягы медиа жана анын кызматкери 600 миң сом төлөөгө милдеттендирилген.

Бул жалпыга маалымдоо каражаты Кыргызстанда азыркы бийликтин тушунда көп суммадагы акчалай доого жыгылган биринчи окуя болуп калды.

XS
SM
MD
LG