Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:21

Зеленский: Путин Крокустагы окуя үчүн күнөөнү Украинага оодарууга аракеттенүүдө


Украинанын президенти Владимир Зеленский ишемби күнкү кечки видеокайрылуусунда “Крокус Сити Холлдогу” куралдуу чабуул боюнча комментарий берди. Ал Орусиянын президенти Владимир Путинди кол салуу үчүн Украинаны айыптоого аракеттенип жатат деп күнөөлөдү.

Муну менен катар Зеленский окуяларга Орусиянын бийлигинин өзүнүн катышы болушу мүмкүндүгүн ишарат кылды.

“Кечээ Москвада болгон окуяны Путин жана башкалар жөн гана башкаларга оодара койгусу келип жатканы көрүнүп турат. Алардын ыкмалары ар дайым окшош. Мындай буга чейин да болгон. Үйлөрдү жардыруулар да, аткылоолор да, жардыруулар да болгон. Дайыма алар башкаларды күнөөлөшөт”, - деди Украинанын президенти.

Ал Орусиянын өзүн Украинага каршы террорго айыптады.

“Алар украин жерине жүз миңдеген террористтерин алып кирип, бизге каршы согушуп жатышат. Аларга өз өлкөсүнүн ичинде эмне болуп жатканы баары бир”.

Мурдараак Украинанын Коргоо министрлиги орус президенти Владимир Путиндин “Крокус Сити Холлго” кол салгандар орус-украин чек арасына карай багыт алгандыгы жана ал жакта украин тараптан жардам даярдалып жаткандыгы боюнча билдирүүсүн четке каккан.

Украин Коргоо министрлигинин өкүлү Андрей Юсов Путиндин версиясы негизсиз жана чындыкка жатпай турганын билдирген. Юсов согуш убагында орус-украин чек арасында “аскерлер, атайын агенттер, атайын кызматтын өкүлдөрү жана күч кызматкерлери” көп экенин, чек ара сызыктарына миналар коюлганын жана катуу көзөмөлгө алынарын эске салган.

“Крокус Ситиде” кол салгандардын Украинага карай баратканы жана чек арага жакын жерде кармалганы тууралуу буга чейин Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы билдирген.

Куралчан белгисиз топ 22-марттын кечинде Москванын четиндеги "Крокус Сити Холл" концерттик залына миңдеген адам топтолгон учурда туш келди ок аткан. Кандуу окуяда каза болгондордун саны акыркы маалыматтар боюнча 133кө жетти.

XS
SM
MD
LG