Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:26

"Крокус Ситидеги” кандуу окуяда каза болгондордун саны 115ке жетти


Каза болгондорду эскерүү. Орусия. 23-март, 2024-жыл.
Каза болгондорду эскерүү. Орусия. 23-март, 2024-жыл.

Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы кандуу окуяда каза болгондордун саны акыркы маалыматтар боюнча 115ке жетти. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитети кабарлады. Мекеме курмандыктар саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин билдирүүдө.

Алдын ала маалыматта каза тапкандарга ок тийген, айрымдары ышка ууланышкан. Москва облусунун Саламаттык сактоо министрлиги каза болгон 40 адамдын аты-жөнүн, туулган жылын тактады. Мекеме 140 киши жабыркаганын кабарлады. Айрым медиа каражаттары 180ден ашык киши жараат алганын жазышууда.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) башчысы Александр Бортников президент Владимир Путинге "Крокус Ситидеги” кол салууга шектүү 11 киши кармалганы жөнүндө маалымат берди. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Кремлдин пресс-кызматына таянып жазды.

Алар Брянск облусунан кармалышкан. Федералдык коопсуздук кызматы кол салуу дыкат даярдалганын билдирди.

Куралчан белгисиз топ 22-марттын кечинде Москванын четиндеги "Крокус Сити Холл" концерттик залына миңдеген адам топтолгон учурда ок жаадырган. Орусиянын Тергөө комитети окуяны "теракт" деп атап, кылмыш ишин козгоду.

XS
SM
MD
LG