Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:17

"Крокус Ситидеги” кол салуу: 11 шектүү кармалганы кабарланды


Орусиянын полициясы кол салуу болгон жерде. 22-февраль, 2024-жылы.
Орусиянын полициясы кол салуу болгон жерде. 22-февраль, 2024-жылы.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) башчысы Александр Бортников президент Владимир Путинге "Крокус Ситидеги” кол салууга шектүү 11 киши кармалганы жөнүндө маалымат берди. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Кремлдин пресс-кызматына таянып жазды.

22-март кечинде орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары шектүүлөр машинеге отуруп, из жашырып кеткенге үлгүргөнүн жазышкан. “Теракт” беренеси менен иш козголгон.

Бүгүн эртең менен "База" жана "Осторожно, новости" Телеграм-каналдары шектүүлөр жүргөн машине Брянск облусунда токтотулганын жазышкан. Телеграм-каналдар жана “Бирдиктүү Орусия” партиясынын депутаты Александр Хинштейн машинеден курал жана тажик жарандарынын паспорту табылганын кабарлаган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги "Крокус Ситидеги” кол салууга тажик жарандарынын байланышын такталбаган маалымат деп атады.

Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы кандуу окуядан каза болгондордун саны 93кө жетти. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитети кабарлады. Мекеме курмандыктардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин билдирди.

Алдын ала маалыматта каза тапкандарга ок тийген жана ышка ууланышкан. Москва облусунун Саламаттык сактоо министрлиги каза болгон 37 адамдын аты-жөнүн, туулган жылын тактады. Мекеме 140 киши жабыркаганын кабарлады. Айрым медиа каражаттары 180ден ашык киши жаракат алганын жазышууда.

Куралчан белгисиз топ 22-марттын кечинде Москванын четиндеги "Крокус Сити Холл" концерттик залына миңдеген адам топтолгон учурда ок жаадырган.

"Крокус Сити Холлдогу" окуядан кийин кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террористтик тобу алганы тууралуу билдирүү пайда болду. ЖМКга чыккан бул билдирүүнүн чындыгы күмөн санатууда. Бирок CBS жана New York Times атын атабаган булактарга таянып, АКШнын чалгын кызматы "Ислам мамлекети" тобунун Москвага кол салуусуна катышы бардыгын айтып жатышканын, Орусияга алдын ала теракт болушу мүмкүн деген маалыматтарды бергенин жазышты. (TSh)

XS
SM
MD
LG