Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:33

БУУ каракалпак активисттерине башпаанек берүү маселеси боюнча Астанага кайрылды


Каракалпакстандык активист жана укук коргоочу Акылбек Муратбай Ташкенттин өтүнүчү менен Алматыда кармалган.
Каракалпакстандык активист жана укук коргоочу Акылбек Муратбай Ташкенттин өтүнүчү менен Алматыда кармалган.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Казакстандагы кеңсеси башпаанек сураган беш каракалпактын абалы боюнча Астанага кайрылды. "Азаттыктын" казак кызматы жазгандай, БУУ Астананы каракалпакстандык активисттердин башпаанек суроо арыздарын кароодо өлкөдөгү кырдаал жөнүндө соңку маалыматтарды эске алууга чакырды.

БУУнун катында каракалпакстандык активисттер Жангелди Жаксымбетов, Раиса Худайбергенова, Зиуар Мирманбетова жана Тлеубике Юлдашева 2022-жылы кармалып, Өзбекстандын экстрадициялоо өтүнүчүнө байланыштуу Казакстандын убактылуу кармоочу жайларында 12 айга камакка алынганы белгиленген. Төртөө тең Казакстандан башпаанек сурашкан. Ал кайрылуулар жергиликтүү аткаруу органдары тарабынан четке кагылган.

БУУ жолдогон катта Алматыда кармалган активист жана укук коргоочу Акылбек Муратов (Акылбек Муратбай) да башпаанек сурап кайрылганы белгиленет.

Казакстандагы каракалпак диаспорасынын лидери, Өзбекстандын жараны, соңку 10 жылдан бери Казакстанда мыйзамдуу жашап келаткан 35 жаштагы активист Алматыда 15-февралда Өзбекстандын өтүнүчү менен кармалып, эки күндөн кийин 40 суткага камакка алынган. Ал Х социалдык түйүнүндө (мурдагы Twitter) орус жана англис тилдеринде Өзбекстандын Каракалпакстан аймагындагы окуялар, адам укуктарынын бузулушу тууралуу тынымсыз жазып, журналисттер жана эл аралык укук коргоо уюмдары үчүн маанилүү маалыматтарды берип турган.

Өзбекстанда ага «жапырт башаламандыкка чакырган», «коомдук коопсуздукка жана коомдук тартипке коркунуч келтирүүчү материалдарды жасоо, сактоо, жайылтууга аракет кылган» деген айыптар тагылып, иш козголгон. Бул үчүн ал жалпысынан 18 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Өзбекстанда 2022-жылы Конституцияны өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп, өлкө курамындагы Каракалпакстан автоном республикасында (КАО) нааразылык чыккан. 1-2-июлдагы КАО борбор калаасы Нукустагы митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 адам каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун адам кармалган. Президент Шавкат Мирзиёев Каракалпакстанга барып, Баш мыйзамдагы бул республикага таандык мурдагы беренелер өзгөртүүсүз калтырыларын айткан. Каракалпакстан окуялары боюнча соттук териштирүү уланууда.

2022-жылдын күзүндө Human Rights Watch уюму Нукус окуясын чагылдырган, анда камалгандардын таламын талашкан көптөгөн активисттер мекениндеги куугунтуктан качып, Казакстанда жана Европада башпаанек сурашканын билдирген. Уюм Астананы Казакстанда кармалган каракалпак активисттерин Өзбекстанга өткөрүп бербөөгө үндөгөн, алар мекенинде куугунтукка жана кыйноого кабыларын эскерткен. Буга чейин казак бийлиги алардын айрымдарына башпаанек берүүдөн баш тарткан. (AiA)

XS
SM
MD
LG