Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:39

БУУ колдонулбай калган гаджеттердин табиятка зыяны тууралуу баяндама жарыялады


Керектен чыккан электрондук каражаттарды кайра иштетүүгө жиберүү. Иллюстрациялык сүрөт.
Керектен чыккан электрондук каражаттарды кайра иштетүүгө жиберүү. Иллюстрациялык сүрөт.

Бириккен Улуттар Уюму колдонуудан чыгып, таштандыга ыргытылган гаджеттер жана башка электрондук каражаттардын жаратылышка зыяны тууралуу баяндамасын жаңылады.

Ага ылайык, 2022-жылы адамзат таштандыга электрондук каражаттарды, аппараттарды - телефон, телевизор жана башка нерселерди ыргытканы рекорддук көрсөткүчкө жетти.

БУУнун "Ыргытылган гаджеттердин көчкүсү" деген аталыштагы жаңы баяндамасы шаршембиде жарык көрдү. Анда жазылгандай, дүйнөдөгү 62 млн тонна таштандынын чейрек бөлүгүнөн азы гана кайра иштетүүгө жиберилген. Бирок кайра иштетүүгө жатпай турган оор металлдар, желим, электрондук каражаттарын өзөгүн түзгөн химиялык заттар кала берүүдө.

Баяндамада жыл сайын айлана-чөйрөнү кайра иштетилбей турган 45 тоннадан ашуун желим жана 58 тонна сымап булгап жатканы белгиленген.

Электрондук каражаттардын тоодой үйүлгөн таштандылары жакыр өлкөлөрдүн элине көбүрөөк коркунуч келтирери, анткени бул өлкөлөрдө эски жабдыктар кайрадан колдонулары жазылган.

БУУ керексиз таштанды катары ыргытылган гаджеттердин жалпы баасын 91 млрд доллар деп баалады. Баяндамага ылайык, жалпы электрондук таштандынын үчтөн биринен да азы гана кайра иштетүүгө жарайт, калгандары өрттөгөн учурда жок болот же таштандыга ыргытылган бойдон жаратылышка коркунуч келтирип кала берет.

"Таштанды көбөйгөн сайын, аны кайра иштетүүчү технология кууп жете албай калууда",- деп жазылган баяндамада.

France24 телеканалы окумуштууларга шилтеме кылып, бул көрүнүштү айлана-чөйрө үчүн "өтө чоң алаамат" деп атады.

XS
SM
MD
LG