Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:13

Президент Жапаров майрамдык куттуктоосунда суу маселесине кайрылды


Бишкек. 21-март, 2024-жыл
Бишкек. 21-март, 2024-жыл

Президент Садыр Жапаров 21-мартта Бишкектеги Ала-Тоо аянтында майрамдык салтанатта сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчы ата-бабалар жаздын келишин жандануунун башаты, жыл ажыраган күн катары толкундоо менен күткөнүн эскерип, жалпы кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады.

"Кыргыздар үчүн жаздын келиши - өтө маанилүү. Анткени чарбанын иши жанданып, мерчемделе баштайт. Дыйканчылыкта суу менен камсыз кылуунун олуттуулугун эске алып, жыл башы менен жакшылап кириштик. Былтыр жалпы өлкөдө сугат каналдарын тазалоо иштерин колго алсак, быйыл дренаждык системаларды оңдоонун үстүндө иштеп жатабыз. Учурда планетада суу таңкыстыгы сезилип турат. Бабаларыбыз буга илгери эле маани берип, "суу сыйлаган зор болор, суу кордогон кор болор" деп айтып келишкен".

Садыр Жапаров быйылкы жылы ГЭСтер оңдолуп, жаңылары курулуп жатканын да белгилеп кетти.

Президент өлкөдө болуп жаткан өнүгүүлөр, инвесторлор көбөйүп, коррупциялык көрүнүштөр азайып жатканын белгилеп, элдин бардар жашоосу үчүн жасалып жаткан иштер жемишин бере баштаганын айтты.

Бүгүн, 21-мартта Кыргызстандын бардык аймактарында Нооруз майрамы белгиленип жатат. Борбор калаа - Бишкекте майрамдык салтанаттар 20-мартта башталган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG