Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:10

12 миң доллар пара талап кылууга шек саналган судья кармалды


Судья 12 миң доллар пара талап кылууга шектелип кармалды. Бишкек. УКМКнын сүрөтү. 21-март, 2024-жыл.
Судья 12 миң доллар пара талап кылууга шектелип кармалды. Бишкек. УКМКнын сүрөтү. 21-март, 2024-жыл.

Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети ( УКМК) маалымдады.

Маалыматка ылайык, 20-март күнү Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш иши боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы К.А.К. жана ортомчу болуп иштеген адвокат Г.М.В. өзгөчө ири өлчөмдө - 12 миң доллар параны опузалап талап кылгандыгы аныкталган.

Атайын иш-чаралардын жүрүшүндө судья жактоочу менен видеокөзөмөл камерасы жок жерде - өзүнүн дааратканасында бир нече ирет жолугушканы, ал жерде сот чечимин алардын пайдасына оң чыгаргандыгы үчүн айрым айыпталуучулардан алган акчалай сый акыларын өз ара бөлүштүрүп жүргөнү такталган.

Шектүү судья К. А. К. 21-мартта Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Биринчи май райондук сотунун токтому менен 20-майга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Коопсуздук кызматы бул факт сот тутумундагы коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында аныкталганын жана учурда Жогорку соттун жетекчилиги менен чогуу сот системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу иштерин жүргүзүп жатканын билдирүүдө.

Марттын башында Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы, пара алууга айыпталган Акылбек Адимов Биринчи май райондук сотунун чечими менен күнөөлүү деп табылып, мамлекетке 2 млн сом айып пул төлөгөн. УКМК Акылбек Адимовду Кылмыш-жаза кодексинин “Пара алуу” беренеси менен айыптап, 2023-жылы октябрь айында камакка алган. Кийин кайра үй камагына чыгарылган.

2023-жылы УКМК тарабынан Кыргызстандын түрдүү аймактарынан бир нече судьялар коррупцияга шектелип, камалышкан.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков системада таза эмес иштеген адамдар бар экенин "Азаттыкка" курган маегинде мойнуна алган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG