Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:15

Назарбаевдин жакын тууганы шарттуу түрдө соттолгону белгилүү болду


Нурсултан Назарбаев жана Самат Абиш. 2014-жыл.
Нурсултан Назарбаев жана Самат Абиш. 2014-жыл.

Казакстанда мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин инисинин уулу Самат Абиш сегиз жылга соттолгонун, бирок жаза чарасы түрмө эмес, шарттуу түрдө чегерилгенин бүгүн 20-мартта «Азаттыктын» казак кызматы Астана шаарынын кылмыш иштери боюнча район аралык сотунун маалыматына таянып билдирди.

Прокуратура 2022-жылдын кандуу Каңтар окуясы боюнча «кызмат абалынан аша чапкан» деп айыпталган мурдагы жетекчини сегиз жылга кесип, 10 жыл айрым кызматтарды ээлөө укугунан ажыратууну, бирок жаза чарасын пробациялык негизде шарттуу түрдө чегерүүнү өтүнгөн.

Ишти караган судья прокурордун бул сунушун толук колдогон. Соттук мекеме ал күнөөсүн моюнуна алганын, кечирим сураганын, үйүндө майда балдары бар экенин эске алып ушундай өкүм кабыл алганын маалымдады. Өкүм качан чыкканы айтылган жок.

45 жаштагы Самат Абиш 2010-жылдан бери Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинде түрдүү жетекчилик кызматтарды ээлеп, 2015-жылы төраганын биринчи орун басары болуп дайындалган. Бул кызматынан 2022-жылдагы Каңтар окуясынан кийин алынган.

2022-жылдын башында Казакстанда социалдык талаптарды койгон тынч митингдер өлкө аймактарына жайылып, кан төгүү, башаламандык менен коштолгон.

Өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев “чет жактан үйрөнүп келген 20 миң террорист ири шаар Алматыны басып алганын” айтып, күч органдарына аларды атууга буйрук бергенден кийин кеминде 238 адам өлтүрүлгөнү, алардын 19у укук тартибин коргоо органдарынын кызматкери экени маалымдалган.

Нааразылык акциясына чыккандар террористтер болгонун тастыктаган маалыматын бийлик алигүнчө жарыялай элек. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG