Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:29

Милиция жашы жете элек кыздын зордукталышы тууралуу маалымат берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Акыйкатчы институтунун 13 жаштагы кыздын зордукталышы жөнүндөгү билдирүүсүнө байланыштуу маалымат таратты.

Кабарга караганда, 2024-жылдын 23-январында Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө 41 жаштагы аял кызы 22-январда мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айтып кайрылган. 11-февралда кыз райондогу мейманканалардын биринен таап, жашы 13тө эмес, 15те экени, буга чейин үйдөн чыгып кетип жүргөнү аныкталган.

Тиешелүү экспертизалар дайындалып, факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 157-беренеси (“Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер”) менен кылмыш иши козголгон.

Милиция тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр аныкталып, ички иштер бөлүмүнө алып келингенин, иликтөө иштеринин жыйынтыгында мыйзам чегинде укуктук баа берилерин билдирди. Факт боюнча чара көрүлбөй жатат деген дооматтарды четке какты. Окуя боюнча канча шектүү аныкталып, камалганы жөнүндө маалымат берген жок.

Учурда тергөө уланууда.

Буга чейин акыйкатчы Жамиля Жаманбаева бир жылдай тогуз эркек зордуктап жүргөн 13 жаштагы кыздын укугун коргоо үчүн Башкы прокуратура, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жетекчилигине кайрылуу даярдап жатканын билдирген.

Омбудсмен институтуна 20-мартта 13 жаштагы кызынын укугун коргоо өтүнүчү менен анын ата-энеси даттанган. Алар секелек кызын өткөн жылдын апрель айынан бери 19-22 жаштагы тогуз бала зордуктап жүргөнүн айтып берген. Кыздын ата-энеси шектүүлөргө чара көрүлбөй жатканын айтышкан. Учурда бул окуя социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат.

Дүйнөлүк WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюмунун адам укугу боюнча рейтингинде Кыргызстан эки жыл катары менен кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп аталып, Борбор Азия өлкөлөрүнөн эң артта жайгашты. Былтыр октябрда жарыяланган индексте аялдардын өлкөнүн саясий, экономикалык жашоосуна катышы, укуктук дискриминация, билим берүү, саламаттык сактоо, жумуш менен камсыздоо жана зомбулук тобокелдиктери сыяктуу критерийлер эске алынган.

Кыргызстанда аялдарга карата зомбулук фактылары утур-утур катталып келет. Былтыр сентябрда Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү 36 жаштагы Асел Ногойбаеванын кулак-мурдун кескилеп салган окуя коомчулуктун үрөйүн учурган.

Былтыр Ички иштер министрлигине түшкөн үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө 10 миңдей маалымат ырасталып, коргоо ордери берилген. Милициянын маалыматына ылайык, үй-бүлөлүк зомбулук фактысында 95% жабырлануучулар аялдар болгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG