Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:41

Пакистанда көмүр шахтасындагы жарылуудан 12 адам каза болду


Пакистан. Архивдик сүрөт.
Пакистан. Архивдик сүрөт.

Пакистанда көмүр шахтасындагы жарылуудан кеминде 12 адамдын өмүрү кыйылганын бүгүн 20-мартта Reuters агенттиги билдирди. Кырсык өлкөнүн түштүк-батышындагы көмүр кендеринин биринде болгону, сегиз кишинин өмүрүн сактап калууга жетишип калышканы кабарланды.

"Куткаруу операциясы жаңы эле аяктады", - деп билдирди Белужистан провинциясынын шахталар боюнча башкы инспектору Абдул Гани Балоч.

Анын айтымында, кырсык 20-мартка караган түнү болгон, ошол учурда 20 жумушчу шахтанын ичинде иштеп жаткан. Баштапкы маалыматка караганда, жарылууга метан газынын топтолушу себеп болгон.

Куткаруучулар 12 кишинин сөөгүн алып чыгышты, калган сегиз жумушчу ооруканага жеткирилди.

Пакистандын батышында, Ооганстан менен чектеш тилкесинде бир нече ири көмүр кени бар, ал жакта жер астында газ топтолуп калып, жарылуу болгон окуялар көп катталат. (RK)

XS
SM
MD
LG