Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:23

Ысык-Атада мечит катары пайдаланылган мектеп мамлекетке кайтарылды


Башкы прокуратура тараткан сүрөт.
Башкы прокуратура тараткан сүрөт.

Ысык-Ата райондук прокуратурасы Бирдик айыл өкмөтүнүн кызматкерлери аталган айылдагы мектептин имаратын жана жер тилкесин жеке адамдарга мыйзамсыз өткөрүп бергендигин аныкташты. Жеке колго өтүп, мечит катары пайдаланылып жүргөн имарат мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

“Ысык-Ата районунун Бирдик айылындагы 22 млн 84 миң сомго бааланган мектептин имараты жана 709 чарчы метр жер тилкеси билим берүү максатында пайдалануу үчүн мамлекеттин менчигине кайтарылды”, - деп айтылат билдирүүдө.

2023-жылдын февраль айында авариялык абалдагы билим берүү жайларынын жаңы тизмесине 301 мектеп киргенин Курулуш жана инженердик инфраструктура департаменти билдирген. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 2023-жылы Кыргызстанда 100 жаңы мектептин курулушу аяктап, колдонууга берилерин айткан. Ал 2023-жылы өлкө боюнча 204 мектептин курулушу башталганын кабарлаган.

Өлкөдө 2350 мектепте (анын 103ү Бишкекте) 1,5 миллиондой окуучу билим алууда. Мугалимдердин саны 74 миңдин тегерегинде.

Өлкөдө 2,5 миңдей мечит, 100дөй медресе, 10 ислам институту бар. (TSh)

XS
SM
MD
LG