Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:58

Армениянын дээрлик бардык банктары Орусиянын "Мир" картасын тейлөөнү токтотот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Армениянын банктары быйыл 30-марттан тартып Орусиянын "Мир" банк карталарын тейлөөнү токтотот. Бул тууралуу 19-мартта "ВТБ Армения" банкындагы жана орусиялык төлөм рыногундагы булактарга таянып РБК жазды.

«Мир» төлөм картасы орусиялык «ВТБ» банкынын Армениядагы өкүлчүлүгүндө ("ВТБ Армения") гана тейленет, башка банктардын POS-терминалдарында жана банкоматтарында тейлөө токтойт.

«Мир» картасынын Орусиядагы оператору чектөө тууралуу чечимди кабыл алуу ар бир өлкөнүн өз эрки экенин, өзүлөрү тараптан эч кандай чектөө жок экенин билдирди.

2024-жылдын февраль айында Орусиянын Төлөм карталарынын улуттук системасы (НСПК) Кремлдин Украинага каршы ачкан согушунан улам «Орусияга санкцияларды кыйгап өтүүгө жана эл аралык каржы системасы менен байланышын сактоого жардам берүүдө» деген негизде АКШнын санкциясына кабылган.

НСПК 2014-жылы Орусия Крымды аннексиялап алганы үчүн санкцияга кабылганда эл аралык төлөм системасынан чыгып калбоо максатында ачылган система. "Мир" картасы 2015-жылы чыгарыла баштаган. Арменияда 2017-жылы иштеген.

Кыргызстанда “Мир” картасын кабыл алуу токтотулганы 2022-жылы жарыяланган, бирок айрым банктар бул карта боюнча тейлөөсүн улантып жатканы маалымдалууда. (RK)

XS
SM
MD
LG