Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:40

Азербайжанда оппозиционер активист кармалды


Сахиб Мамедзаде.
Сахиб Мамедзаде.

Азербайжанда оппозиционер активист камакка алынганын бүгүн 19-мартта «Азаттык» радиосунун азери кызматы билдирди.

Оппозициялык «Элдик фронт партиясынын» Азербайжандын батыш аймагындагы Дашкасан районундагы жергиликтүү бөлүмүнүн башчысы Сахиб Мамедзаде кармалганы, ага полиция «мыйзамсыз маңзат сактаган» деген негизде айып коюп жатканы маалымдалды.

Партия бул окуяга байланыштуу билдирүү таратып, Мамедзаденин кармалышы ага карата саясий себептен улам атайын жасалган чагым экенин белгиледи.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Азербайжандын бийлигин демократиялык, оппозициялык күчтөрдү, өкмөттү сындагандарды кысымга алууда деп айыптап келишет.

«Элдик фронт партиясынын» беш мүчөсү азыркы тапта түрдүү айып менен түрмөдө отурат.

Бийлик оппозициянын айыптоолорун четке кагууда. (RK)

XS
SM
MD
LG