Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:41

19-март: Мадумаровдун сотундагы өтүнүч, 24.kg агенттигинин жаңы ээси, Жакынкы Чыгыштагы казак аскерлери


Адахан Мадумаров сотто. Архивдик сүрөт.
Адахан Мадумаров сотто. Архивдик сүрөт.

19-мартта Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Адахан Мадумаровго суралган жаза

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун иши боюнча соттук отурумда тараптардын жарыш сөзү башталды. Бул тууралуу саясатчынын адвокаты Кубанычбек Туманов билдирип, прокурор соттон Адахан Мадумаровду коюлган айып боюнча күнөөлүү деп таап, бирок кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткендиктен ишти кыскартууну суранганын айтты. Мамлекеттик айыптоочулар азырынча комментарий бере элек. Мадумаровго “Мамлекеттик чыккынчылык”, “Алдамчылык” беренелери менен айып тагылып, былтыр сентябрдан бери УКМКнын убактылуу кармоочу жайында жатат. Саясатчы коюлган айыптарды четке каккан.

24.kg агенттигинин ээси кайра алмашты

Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, 24.kg маалымат агенттигинин ээси жана жетекчиси Алмас Турдумаматов болуп калды. 18-мартта аталган агенттиктин ээси жана директору журналист Гүлжан Шерипбаева болгону тууралуу маалымат жарыяланган, бирок ал 24.kg менен байланышы жок экенин айткан. 24.kg агенттигинин мурдагы ээси Асел Оторбаева кызматтан кетүү чечимин былтыр эле кабыл алганын, эч кандай рейдерлик болбогонун жазды. Турдумаматов коомчулукка мурдагы президент Курманбек Бакиевдин маалымат катчысы катары таанымал. Ошол туштагы бийликке таандык 5-каналды түптөөчүлөрдүн бири.

Мамлекеттик карыз 6 млрд 280 млн долларга жетти

2023-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 280,54 млн долларга жетти. Бул 559 млрд 503,58 млн сом. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 45,53% түздү. Финансы министрлигинин маалыматы боюнча мунун ичинен 4 млрд 652,73 млн доллар (414 млрд 490,20 млн сом) тышкы, 1 млрд 627,80 млн доллар (145 млрд 13,37 млн сом) ички карыз.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Электр энергиясы майда кымбаттайт

Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаменттин маалыматы боюнча инфляциянын деңгээлин эске алуу менен 2024-жылдын 1-майынан тартып электр жарыгы 10,8 тыйынга кымбаттайт. Айына 700 кВт сааттан ашык керектөөдө (бийик тоолуу жана алыскы аймакта жашаган калктан сырткары) 23,3 тыйын кошулат. Кыргызстанда электр энергиясынын баасы 2023-жылы 1-майдан тарта 23 тыйынга кымбаттап, 1 кВт саат электр энергиясы 1 сом болгон. 700 кВт сааттан ашык пайдаланган абоненттер 2 сом 16 тыйын төлөйт.

Быйыл жол кырсыгынан 82 адам каза болду

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча 2024-жылдын 1-январынан 17-мартына чейин Кыргызстанда 1 173 жол кырсыгы катталып, 82 адам каза болду. Дагы 1 673 киши жаракат алды. Былтыр 6 945 жол кырсыгы катталып, андан 783 адам каза болгон. Көз жумгандардын саны 2022-жылга салыштырганда 13,5% көп. 2022-жылы 7 040 жол кырсыгынан 11 миң 49 киши жаракат алып, 690 адам жашоо менен кош айтышкан.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Газа боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн Жакынкы Чыгышка кайра барат

Мамлекеттик департамент билдиргендей, Блинкен Сауд Арабиясынын жана Египеттин жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Талкуулана турган негизги маселе – Газа тилкесинде Израилдин жана ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган) радикал тобунун ортосунда ок атууну токтотуу, барымтадагы израилдиктерди бошотуу тууралуу мунасага жетишүү. Шейшемби күнү Филиппинде жүргөн жеринен Блинкен Газада гуманитардык кризис чегине жеткенин, ал жактагы жай тургундардын абалы өтө оор экенин айтты. Ошону менен катар ал Израилдин өзүн-өзү коргоо укугун да эске алуу зарылдыгын кошумчалады.

Казакстандык аскерлер БУУнун тынчтык орнотуучулар миссиясынын алкагында Голан дөңсөөлөрүндө кызматка киришти. Астананын маалыматына караганда, 139 аскер Жакынкы Чыгыштагы элдешүү шарттарынын аткарылышына көз салып, БУУнун Түштүк Судандагы миссиясына катышат. Голан дөңсөөлөрү Израилдин Ливан жана Сирия менен чектешкен тилкесинде жайгашкан.

Украинада Орусиянын соңку чабуулдарынан төрт киши каза болду

Өлкөнүн түштүгүндөгү Херсон облусунда үч киши набыт кетип, көп кабаттуу эки үй талкаланганын аймактын башчысы Александр Прокудин маалымдады. Донецк облусунда Орусиянын аткылоосунан бир киши каза болгонун, дагы беш киши жараат алганын жергиликтүү бийлик башчысы Вадим Филашкин Телеграм-каналына жазды. Аскердик-деңиз күчтөрү Одессанын аймагында орусиялык чалгындоочу учкучсуз эки учак атып түшүрүлгөнүн маалымдады. Германиядагы америкалык Рамштайн авиабазасында Украинанын союздаш өлкөлөрүнүн кезектеги жолугушуусунда Киевге аскердик жардам маселеси талкууланат. «Рамштайн форматы» деген аталышка ээ болгон Украина боюнча топтун (UDCG) курамына 50 чакты өлкө кирет.

Кишинёв Приднестровьедеги шайлоо үчүн орус дипломатын өлкөдөн чыгарды

Молдованын Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, Орусиянын Молдовадагы элчиси Олег Васнецов мекемеге чакыртылып, нааразылык айтылды. 15-17-март кундөрү Орусияда өткөн президенттик шайлоодо молдовадагы орус жарандары үчүн борбор калаа Кишиневдо шайлоо бекети ачылган. Расмий Кишинев андан башка добушкананын ачылышы мыйзамсыз болорун эскерткен. Бирок ошого карабастан Приднестровьеде алты – Тирасполдо үч, Бендеры, Рыбница жана Григориопол шаарларында бирден бекет орус элчилигинин чечимине ылайык ачылганы маалымдалган. Жикчил Приднестровье 1992-жылдан бери расмий Кишиневго баш ийбейт. 20 жылдан бери ал аймакта Орусиянын 1,5 миңдей аскери турат.

"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун куруунун кезектеги этабы башталды

Жекшембиде Жалал-Абад шаарында "Кыргыз темир жолунун" башкы директору Азамат Сакиев менен "Кытай темир жолу" корпорациясынын директорунун орун басары Ванг Тунцзен жетектеген делегациялар жолугушту. Алар "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолунун долбоору боюнча мурда иштелип чыккан техникалык-экономикалык негиздемеге кошумча маалыматтарды жеринде такташты. Андан ары Бишкекте жана Нарын облусунда да жолугушуулар өткөрүлөт. Марттын башында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган делегация Кашкар шаарына барып, Кытай менен Өзбекстандын жогорку бийлик өкүлдөрүнө жолугуп келген.

XS
SM
MD
LG