Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:19

Сот жазуучу Олжобай Шакирди камакта калтырды


Олжобай Шакир сотто. Архив.
Олжобай Шакир сотто. Архив.

Жазуучу жана публицист Олжобай Шакирдин (Олжобай Эгембердиев) ишин Аламүдүн райондук сотунун судьясы Бактияр Матраимов карай баштады.

Жазуучунун адвокаты Бакытбек Автандил уулунун “Азаттыкка” билдиришинче, 18-марттагы жараянда Олжобай Шакирге айыптоо актысы кайра окулду. Аны үй камагына чыгаруу боюнча өтүнүчтү судья канааттандырган жок.

Судья Бекболот Жаналиев башка сотко которулуп кеткендиктен, иш жаңы судья менен кайра башынан териштириле баштады.

Олжобай Шакирге Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен иш козголуп, 2023-жылдын 23-августунда кармалган. Ошондон бери УКМКнын тергөө абагында отурат.

Былтыр 6-декабрда ага айыбы угузулган. Прокурор Олжобай Шакир интернетте адамдарды “жапырт башаламандыкка чакырган постторду бай-байма жарыялап келгенин” айтып, “булардын тизгинин кагыш керек” деген сөзү азыркы “бийликтин кадыр-баркына шек келтирген, коомдук коопсуздукка карата оор кылмыш жасаган” деп билдирген.

Жазуучу коюлган айып менен макул болгон эмес. Ал камалганга чейин президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди дебатка чакырган. 2023-жылдын 31-августунда онлайн митинг өткөрүү тууралуу демилге көтөргөн. Мындай аракети калайман башаламандык уюштурууну билдирбесин айткан.

Олжобай Шакир 2017-жылы “РухЭш” коомдук агартуу багытындагы сайтын негиздеп, иштетип келген. (BTo)

XS
SM
MD
LG