Жогорку Кеңештин депутаттары 18-марттан тартып, ушул айдын аягына чейин жер-жерлерде шайлоочулары менен жолугушат. Мындай чечим 14-марттагы отурумда кабыл алынганын парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Ага ылайык, 18-20-март жана 25-29-март күндөрү депутаттар аймактардагы шайлоочулары менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн, каалоо-тилектерин угушат.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 21-22-март күндөрүн дем алыш деп жарыялаган. 21-март - Нооруз майрамы болгондуктан, 22-март жума күнгө туш келгендиктен ал күнкү иш убактысы 6-апрелге жылдырылган.(ZKo)