Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:58

Жикчил Түштүк Осетия Орусияга кошулуу ыктымалдыгын талкуулап жатат


Түштүк Осетия. Архив
Түштүк Осетия. Архив

Грузиянын Түштүк Осетия жикчил аймагы Москва менен Орусияга кошулуу ыктымалдыгын талкуулап жатат. Бул тууралуу РИА-Новости агенттиги 17-мартта Түштүк Осетия парламентинин төрагасы Алан Алборовго таянып маалымдады.

Референдум өткөрүу ыктымалдыгы тууралуу суроого жооп берген саясатчы “эки тараптын байланыштарын жана келишимдерин эске алуу менен бул маселелерди Орусия менен тыгыз координацияда талкуулап жатабыз” деп айтты.

Грузиянын курамындагы Түштүк Осетия жана Абхазия 1990-жылдары эгемендүүлүгүн жарыялашкан, бирок Тбилиси аны тааныган эмес.

2008-жылы Грузия менен болгон “беш күндүк согуштан” кийин Орусия өз аскерлерин эки жумуриятка жайгаштырып, аларды эгемен деп тааныган.

Грузия бул аймактарды Москва басып алган деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG