Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:32

Орусиядагы президенттик шайлоо: Кыргызстанда төрт добушкана ачылды


Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко добуш берүү маалында.
Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко добуш берүү маалында.

Бүгүн, 17-мартта Орусиянын президентин шайлоо боюнча Кыргызстанда төрт шайлоо участогу ачылды.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги билдиргендей, алар Бишкектеги элчиликтин, Орусиянын Оштогу башкы консулдугунун имараттарында, Кант жана Каракол шаарларында жайгашкан.

Добуш берүү үчүн Орусиянын жарандары паспорт менен барышы керектиги эскертилген.

Бүгүн, Орусия президентин шайлоодо үчүнчү күн добуш берүү уланып жатат. 15-мартта башталган шайлоо 17-мартта аяктайт.

Орусиянын ушул таптагы президенти Владимир Путин бешинчи ирет президенттик шайлоого талапкер катары катышып жатат. Ал өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катары катталган. Андан тышкары Владислав Даванков (“Новые люди”), Леонид Слуцкий (ЛДПР) жана Николай Харитонов (КПРФ) талапкерлигин койгон.

Борбордук шайлоо комиссиясы Владимир Путиндин негизги атаандашы болот деп айтылып жаткан Борис Надеждинди талапкер кылып каттоодон баш тарткан. Бул чечимди кийин өлкөнүн Жогорку Соту да кубаттаган.

Көз карандысыз байкоочулар жана эксперттер Орусияда акыркы жылдары өткөн шайлоолор акыйкатсыз болду деген баа беришкен.

XS
SM
MD
LG