Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:24

АКШда Украинага аскердик жардамды насыя шартында берүү сунушу талкууланууда


Маркуэйн Маллин. Архивдик сүрөт.
Маркуэйн Маллин. Архивдик сүрөт.

АКШда Украинага аскердик жардам боюнча ленд-лиз, башкача айтканда, насыя программасын иштеп чыгуу аракети көрүлүп жатканын сенатор Маркуэйн Маллин (Оклахома штатынан шайланган республикачы) билдирди.

14-мартта ал Арканзаста курал-жарак жасалуучу заводго барганда Украинага кошумча аскердик жардам демилгесин колдой турганын айтты.

«Сенат жана Өкүлдөр палатасы ишке ашырылышы мүмкүн пакет боюнча иштеп жатышат», — деген сенатордун айтымында, Кошмо Штаттар жардамын Украинанын минералдык ресурстарына укук алуу кепилдиги үчүн жөнөтө алмак деген идея каралууда жана аны мурдагы мамлекет башчысы, азыр да президенттик шайлоого аттанып жаткан Дональд Трамп да колдоодо.

Конгрессте Украинага 60 миллиард долларлык жардам тууралуу мыйзам долбоору талкууланып келе жатат. Маркуэйн Маллин Сенат жактырган, бирок Өкүлдөр палатасынын колдоосуна ээ боло элек бул долбоорго каршы добуш берген.

Маллин АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү жана сенатор Жон Корнин (Техастан шайланган республикачы) менен бирге Арканзастаны Lockheed Martin заводуна иш сапар менен барган. Бул ишканада Украинада чоң суроо-талапка ээ болуп жаткан M270 жана HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү системалары үчүн компоненттер чогултулат.

Сенатор Корнин ленд-лизди кошумча шарт катары же 60 миллиард доллардын ордуна колдонсо болот деген пикирин билдирди.

АКШ администрациясынын Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жон Кирби «Украинага жардам берүү ниетибизге эң жакшы жооп берет» деп Сенатта кабыл алынган мыйзам долбоорун атады.

Мамлекеттик департамент насыя идеясы тууралуу «Украинага толук масштабдуу согуш шартында миллиарддаган тышкы карызды моюнуна илүү туура эмес болот» деп билдирген.

Ленд-лиздин тарапкерлери Украинага аскердик жардам ушундай шартта берилсе америкалык салык төлөөчүлөрдүн кызыкчылыгы корголорун жүйө келтирүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG