Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:22

Токтогул суу сактагычында 7 млрд 319 млн метр куб суу калды


Кыргызстандагы Токтогул ГЭСи. Фото архивден.
Кыргызстандагы Токтогул ГЭСи. Фото архивден.

Токтогул суу сактагычында 15-мартка карата 7 млрд 319 млн метр куб суу калды. “Электр станциялары” ишканасынын сайтындагы маалыматка ылайык, суу сактагычка секундасына орточо 169 метр куб суу агып кирип, 559 метр куб суу агып чыгууда.

2023-жылдын 15-мартында суу сактагычта 7 млрд 913 млн метр куб суу бар болчу.

Марттын башында Кыргызстанда эки негизги - Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтеринде реконструкциялоого байланыштуу жарык өчүрүлө баштаган. Бул жагдай карапайым калкка түйшүк жаратып, нааразылыктарга себеп болгон.

Энергетика министрлиги 8-марттан баштап жарыкты убактылуу өчүрүү токтотулганын билдирген. Бирок 13-мартта кайра күн суук боло баштап, электр жарыгы өчүрүлүп жатат.

Токтогул суу сактагычынын ойдуңуна 19 млрд метр кубдан ашуун суу батат. Мындай көлөмдөгү суу акыркы жолу 2010-жылы чогулган. Суу сактагыч Нарын дарыясына курулган. Ага башка да бир катар – Көкөмерен, Чычкан, Узун-Акмат, Таркент жана башка дарыялар куят.

2007-2008-жылдары Токтогул ГЭСинде суу 7-8 млрд метр кубга чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген. Адистер суунун көлөмү 6,5 млрд метр кубга түшкөндө ГЭСтин иши токтой турганын эскерткен. (BTo)

XS
SM
MD
LG