Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Ош - Ноокат каттамындагы такси айдоочулары акцияга чыкты


Ош - Ноокат каттамындагы такси айдоочулары нааразычылык билдирип мэрияга келишти. 14-март, 2024-жыл.
Ош - Ноокат каттамындагы такси айдоочулары нааразычылык билдирип мэрияга келишти. 14-март, 2024-жыл.

Айдоочулар такси каттамын автобекеттен эмес, Кулатов кичирайонунан жүргүзүүнү талап кылышууда. Ош шаарынын Кулатов кичирайонунун аймагынан Ноокатка кетүүчү автоунаалар үчүн өзүнчө жай берүү талабы менен 14-мартта шаардык мэрияга 50дөн ашык айдоочу келди.

Айдоочулар менен шаар мэри Бакыт Жетигенов жолугушту. Бирок таксилер үчүн кичирайондон өзүнчө жай бекитип бере албасын, каттам автобекеттен гана жүрө турганын билдирди. Айдоочулар мэрдин жообуна канааттанбаганын айтышты.

Ош - Ноокат каттамындагы такси акысы 100 сомдон.

Айдоочулардын айтымында, автобекеттен кеткенде жүргүнчүлөр ашыкча чыгымга учурайт.

Ош шаарынан туш тарапка жүрүүчү автобус, кичи автобус жана такси каттамдары шаардын сыртындагы айланма жолдун боюнда жайгашкан автобекеттен гана жөнөшү керек деген талапты жергиликтүү бийлик эки жылдан бери коюп келет. Бирок айрым каттамдардагы таксисттер жүргүнчүлөр автобекетке барбай эле шаардын ичинде жүргөн машинелер менен кетип жатканын жүйө кылып, буга каршы болууда. (DSh)

XS
SM
MD
LG