Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:27

Израил Газадагы чабуулдарын улантты


Газа сектору.
Газа сектору.

Израил армиясы (ЦАХАЛ) соңку суткада Газа секторуна чабуулдарын улантты. Палестиналык жалпыга маалымдоо каражаттары 13-мартта билдиргендей, борбордук Дейр-эл-Балах районуна жасалган авиа соккунун кесепетинен кеминде он кишинин өмүрү кыйылды, алардын үчөө балдар.

ЦАХАЛ бутага ХАМАС тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган) согушкерлеринин ракеталык курал-жарак жана ок-дары сакталган турумдары алынганын билдирди.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына караганда, жалпысынан сектордо азыркы согуш башталгандан бери каза тапкандар 31 миңден ашты.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Газа секторунун түштүгүндөгү Рафах шаарында ХАМАСтын калган бөлүктөрүн жок кылуу керектигин айтты.

"Биз барымтадагы адамдарыбызды бошотуп алабыз жана Газаны мындан ары Израил үчүн эч качан коркунуч жаратпай калгыдай кылабыз. Рафахтагы жай тургундардын сокку алдында калбашын камсыз кылып, бул шаардагы жумушубузду аягына чыгарабыз", – деди Нетаньяху Вашингтондо америкалык-израилдик коомдук байланыш комитетинин конференциясында сүйлөп жатып айтты.

Израил менен ХАМАС тобу Газа секторунда атышууну токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу боюнча мунасага жакындай элек экенин 12-мартта сүйлөшүүлөргө ортомчулук кылып жаткан Катардын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мажед ал-Ансари билдирген жана кырдаалды “өтө татаал” деп баалаган.

АКШ, Катар жана Египет аркылуу бир нече аптадан бери жүрүп келаткан сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек. Алар Рамазан айы учурунда атышууну убактылуу токтотууга жетишүү аракетин көрүшкөн. Бул аракет, Мажед ал-Ансаринин айтымында, дагы эле уланып жатат.

Израил аскердик операциясын былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Газа секторунан кол салып, 1200 кишини, анын ичинде аялдарды, улгайган адамдарды жана балдарды өлтүрүп, 250дөй адамды Газага барымтага алып кеткенде баштаган. (RK)

XS
SM
MD
LG