7-мартта мамлекет башчы жана башка бийлик өкүлдөрү Бишкекте журналисттер менен жолукканда аталган документ жана камактагы журналисттердин жагдайы талкууланган.
Кайтарылган долбоор
Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору артка кайтарылганын 13-мартта мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов "Азаттыкка" билдирди:
"Президент өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жабык жолугушуу өткөрүп, анда кызуу талкууланган маселелердин бири Жогорку Кеңеште каралып жаткан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору болгон. Президент Жапаров маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн сөзүн угуп, аталган мыйзам долбоору боюнча алардан түшкөн сунуштарды эске алуу менен аны толуктап иштеп чыгууну тапшырды".
55 беренеден турган мыйзам долбоорунда жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо жана ишмердигин жүргүзүү, журналисттердин милдети жана укугу каралган. Долбоорго ылайык, маалымат сайттары тармактык жалпыга маалымдоо каражаты катары Санариптик өнүктүрүү министрлигинин каттоосунан өтүшү керек. ЖМК катары каттоодон өтүү үчүн арыз Юстиция министрлигине же Санариптик өнүктүрүү министрлигине берилет.
Мыйзам долбоорунда “Сөз жана басма сөз эркиндигин кыянаттык менен пайдаланууга жоопкерчилик” деген берене да каралган. Документте маалымат каражаттарынын иштөө тартиби, жалпы түшүнүктөр жазылган.
Мындан сырткары мыйзам долбоорунда “өз оюн эркин билдирүүнү, сөз жана басма сөз, маалыматты алуу жана жайылтуу эркиндигин кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбей турганы” (5-берене) белгиленген. Ошондой эле “Өз оюн эркин билдирүүнү, сөз жана басма сөз, маалыматты алуу жана жайылтуу эркиндигин чектөөгө өзгөчө же согуштук абал шарттарында конституциялык мыйзамга ылайык жол берилери” да айтылат (1-берене).
Жалпыга маалымдоо каражаттарын ар кандай кызыкчылыктар үчүн пайдаланууга тыюу салынары жазылып, анын ичинде “бийликти зомбулук менен басып алууга же Кыргызстандын конституциялык түзүлүшүн зомбулук менен өзгөртүүгө, массалык баш аламандыктарды уюштурууга ачык чакырыктарды камтыган материалдарды жайылтуу үчүн” деген да кошулган.
Документти талкуулаган жумушчу топтун мүчөсү, журналист Семетей Аманбеков мыйзам долбоорунун артка кайтарылышын кубаттады:
"Жумушчу топ толук иштеген жок, алты айда эки эле жолу жолуктук. Биздин сунуштар, биздин тажрыйба эске алынбады. Президенттик администрациянын үч юристи өздөрү каалагандай эле жазып коюшту. Ошонун баарын президент менен жолукканда айттык. Ал киши "менин оюм башкача болчу, заманга жараша преспективдүү мыйзам жазылышы керек" деди. Азыркысы жалаң бөгөттөөгө, чектөөгө жол ачкан мыйзам болуп калган".
Аманбеков аталган документке толуктоо киргизүү үчүн эми жумушчу топко дасыккан адистерди топтоп, бардык беренелерди талкуулап, ар бир сунуштун үстүндө иштөө зарылдыгын билдирди.
Баш кеңсеси Нью-Йорк шаарында турган Журналисттерди коргоо комитети (The Committee to Protect Journalists - CPJ) Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун эркин медианы бутага алган мыйзам долбоорун парламенттен чакыртып алган шаршембидеги чечимин кубаттай турганын маалымдады.
"Кыргызстанда медиа каражаттарына чабуул уланып, журналисттер абакка камалып, Орусиянын жолоюндагы "чет элдик тыңчылар" мыйзамы талкууланып жаткан маалда "Жалпыга маалымдоо каражаттары" (ЖМК) жөнүндө талаштуу жана репрессивдик маанайдагы мыйзам долбоору - аймактагы сөз эркиндигинин туусу саналган Кыргызстан салынган табытка кагылган мык болуп калышы ыктымал болчу. Аны артка чакыртып алуу жалгыз туура чечим болду", - деди уюмдун Европа жана Борбор Азия программасынын координатору Гүлноза Саид.
Уюмдун билдирүүсүндө кыргыз бийлиги мыйзам долбоорунун жаңы версиясын журналисттик коомчулуктун өкүлдөрү жана сөз эркиндигин коргоочулар менен чогуу ийри отуруп, түз кеңешүүсү зарыл экени айтылат.
"Орусиянын мыйзамынан да катаал”
Президент Садыр Жапаров ЖМК тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн 2022-жылдын декабрында жумушчу топ түзгөн. Ага президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов жетекчи болгон.
Мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке киргизилип, айрым комитеттерден биринчи окууда колдоо тапкан.
“Адилет” укуктук клиникасы мыйзам долбооруна көз карандысыз экспертиза жасап, анда “адамдын өз оюн эркин билдирүү укугуна кепилдиктерди четке каккан олуттуу тобокелдиктер бар” деген бүтүм чыгарган.
Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин 6-февралдагы жыйынында “Альянс” фракциясынын лидери Жанар Акаев мыйзам долбоорунун 95% Орусиянын мыйзамынан көчүрүлүп алынганын билдирген.
Эл өкүлү документте катаал чаралар камтылганын айтып, аны өзгөртүү керектигин сунуштаган. Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков муну “туура эмес чечмелөө” деп атаган.
Мыйзам долбоорунун артка кайтарылышы ушул тапта бир канча журналист камакта жаткан, эл аралык коомчулук кыргыз бийлигин аларды боштондукка чыгарууга үндөп акция баштаган маалга туш келди.
"Жапырт башаламандык уюштурууга" шек саналып, камалганына дээрлик эки ай болгон 11 журналисттин үчөө 12-мартта үй камагына чыгып, сегизи абакта калды. Алар милиция койгон айыпты четке кагып келет.
“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун басма сөз эркиндигинин индексинде Кыргызстан 2023-жылы 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан.
Эркиндик боюнча эл аралык рейтингдерде Кыргызстандын позициясы төмөндөп баратканы белгиленгени менен кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин айтып келет.