Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:13

Орусия 65 учкучсуз учактын чабуулуна кабылганын билдирди


Рязань шаары. Заводдогу өрт. 2024-жылдын 13-марты.
Рязань шаары. Заводдогу өрт. 2024-жылдын 13-марты.

13-мартка караган түнү Орусиянын бир нече аймагы учкучсуз учактардын чабуулуна кабылганын өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди. Мекеме бул үчүн Украинаны айыптап, 58 дрон атып түшүрүлгөнүн, эртең менен абадан коргонуу системалары дагы 7 учкучсуз учакты кармашканын маалымдады.

Дрондор Воронеж (35), Белгород (12), Брянск (8), Курск (8), Ленинград (1) жана Рязань (1) облустарынын аймагында атып түшүрүлдү.

Воронеждин губернатору Александр Гусев үйлөр жана трансформатордук станция талкаланганын билдирди. Белгороддо дрондор көп кабаттуу үйгө жана Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) имаратына тийгени, Рязанда мунайды кайра иштетүүчү заводдө өрт чыкканы, адамдар арасында жабыркагандар бар экени, Ленинград облусунда дрон "Киришинефтеоргсинтез" (КИНЕФ) мунай заводуна учуп бараткан жеринен атып түшүрүлгөнү, ал эми Ростов облусунда үч учкучсуз учак Новошахтинск шаарынын чет жакасынан кармалганы кабарланды.

Орусия 2022-жылдын февралында Украинага кол салган. Эки жылдан бери бул өлкөнүн айрым жерлерин басып алып, бир нече аймагын курал-жарактын көптөгөн түрү менен аткылоодо. Кийин Орусиянын өзү учкучсуз учактардын чабуулуна кабылууда. Бул үчүн орус бийлиги Украинаны күнөөлөөдө, Киев андай айыптоолорду четке кагууда. (RK)

XS
SM
MD
LG