Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:31

Кыргызстанда 927 социалдык кызматкер 9 686 адамды карайт


Социалдык кызматкер. Сүрөт Эмгек министрлигине таандык.
Социалдык кызматкер. Сүрөт Эмгек министрлигине таандык.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин шаардык, райондук жана райондор аралык башкармалыктарында 927 социалдык кызматкер иштейт. Алар 9686 адамды аптасына эки жолудан барып карашат.

Министрликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, бүгүнкү күнү социалдык кызматкерлердин кароосуна 3 664 улгайган жалгыз бой адамдар, 2 108 майыптыгы бар адам, 273 багар-көрөрү жок түгөйлөр жана оор абалдагы үй-бүлөлөрдө жашаган 3 641 бала муктаж.

Социалдык кызматкердин жардамын алууга муктаж адамдар жергиликтүү бийлик, коңшулары жана жакындарынын атынан кат менен кайрылса болот.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, социалдык кызматкерлердин орточо айлык акысы - 13 миң сом.

Буга чейин соцкызматкерлердин айлык акылары аздыгынан жана иши оордугунан улам кызматкерлер узак иштебей бошонуп кетери тууралуу маселе көтөрүлгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG