Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:23

Аба ырайы: жаан, кар жаайт


Синоптиктер 13-15-мартта Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, суук жанданарын билдиришти.

13-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу болот. Күндүз көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоолуу райондорго кар түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз -1…+4;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз -3…+2;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5, күндүз 2…7;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…+4;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1;

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2°, күндүз 2…4° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG