Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:53

АКШ элчиси бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзамдын кесепети тууралуу айтты


 Лесли Вигери
Лесли Вигери

Кыргызстандагы АКШнын элчиси Лесли Вигери жергиликтүү Tazabek сайтына эки өлкө ортосундагы экономикалык алака, кызматташуу жана санкциялар жөнүндө маек куруп, анда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долборунун кесепеттерине дагы токтолгон.

Вигери мыйзам долбоору кабыл алынса, АКШнын Кыргызстанга ар тараптан жардам берүүсүн чектей турганын белгилеген.

“Алгач тактык киргизип коюуга уруксат бериңиз, АКШ мурункудай эле кыргыз элинин пайдасына жардам берүүнү жактайт. Бул биздин базалык принцип. Бирок, аталган мыйзам биздин жардам берүүдөгү мүмкүнчүлүктөрдү чектеши мүмкүн экенин белгилеп кетпесем болбойт. Акыры бул мыйзамдын кандай версиясы кабыл алынарынан көз карады. Азыр дагы деле парламенттин кароосунда турат. Кошма Штаттар жардамын Кыргызстанга бейөкмөт уюмдар аркылуу жеткирет. Алар - өнөктөш, аткаруучулар. Эгерде бейөкмөт уюмдар иштей албаса, анда биз кыргызстандыктарга жардам бере албайбыз”, - деди элчи.

Вигери мектептеги ысык тамак, окуу китептери, кооптуу ооруларды дарылоого медициналык жардам, фермерлерди көбөйтүү сыяктуу АКШнын жардамдарына аталган мыйзам жолтоо болуп калышы мүмкүн экенин белгиледи.

Жогорку Кеңеш 22-февралдагы жыйынында “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду. Парламенттин отурумунда айрым депутаттар долбоор кабыл алынса билим берүү, гендердик теңчилик жана социалдык маселелерди чечүү боюнча иштеген уюмдарга кедергисин тийгизе турганын айтышкан.

Коомчулукта “чет элдик өкүл” деген ат менен таанылган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору 2023-жылы 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган. Парламент аны 22-февралда экинчи окууда колдогон. Автору Надира Нарматова “бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбосун” айтып келет.

“Адилет” укуктук клиникасы Надира Нарматова негизги автор болгон документти иликтеп чыгып, ал Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% окшош экенин аныктаган.

Эл аралык Журналисттерди коргоо комитети (СPJ) Жогорку Кеңешти Орусиянын репрессивдүү мыйзамынын мисалында жазылган талаштуу мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырган. Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм бул документ Орусиядагыдай эле “бир катар бейөкмөт уюмдардын жабылышына” алып келерин эскерткен. (TSh)

XS
SM
MD
LG