Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:19

Орусияда метро станциясында соода кылган мигранттар текшерилди


Орусиядагы борбор азиялык мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиядагы борбор азиялык мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Тергөө комитети билдиргендей, Котельники метро станциясынын жанында соода кылган мигранттарды тинтүү иштери жүрдү. Соодаргерлерге каршы "Русская община" улутчул кыймылынын өкүлдөрү арызданышкан. Алардын айтымында, борборазиялык мигранттар уруксатсыз жана кассалык аппараттары жок соода кылып жатышканы аныкталган.

Ушул эле кыймылдын арызы менен күч органдары Тамбовдогу мигранттар иштеген тез татым тамактарын сатчу жерлерди да текшерет. Улутчулдар белгилегендей, мигранттар тиешелүү документтери жок, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарбастан иштеп жатышат.

Мигранттарга каршы рейддер Орусия Украинага согуш ачып, жарым-жартылай мобилизация жарыялагандан кийин күчөгөн.

Екатеринбургда полиция кыргызстандык мигранттарды тизелетип, казча бастырган окуя коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Мигранттарга каршы тинтүү жана кармоо негизинен базарларда, курулуш аянтчаларында, жатаканаларда, мечиттерде жана башка жерлерде жүрүп келет. Полиция кызматкерлери мындай рейддерди аскер комиссариаттарынын өкүлдөрү менен бирге уюштуруп, кармалгандар паспорт алган болсо, аларга дароо армияга чакыруу тапшырып жатат.

XS
SM
MD
LG