Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:41

Ирландияда үй-бүлө жана аялдын ролу тууралуу референдум ишке ашпай калды


Дублиндеги добуш берүү. 8-март, 2024-жыл.
Дублиндеги добуш берүү. 8-март, 2024-жыл.

8-марттагы референдумда шайлоочулардын көбү үй-бүлөнүн аныктамасына жана үйгө кам көргөн аялдардын коомдогу ролуна байланыштуу өзгөртүүлөргө каршы добуш беришти. Эки аныктама тең өлкөнүн Конституциясында бекитилген. Добуш берүүнүн жыйынтыгы 10-мартта чыкты.

1937-жылы кабыл алынган Ирландиянын Баш мыйзамына ылайык, үй-бүлө «коомдун табигый, негизги жана фундаменталдык бирдиги» болуп саналат. Бул аныктамага “үй-бүлө никеге же башка узак мөөнөттүү мамилелерге негизделгенине карабастан” деген толуктоону киргизүү сунушталган. Сынчылар мындай түзөтүү бүдөмүк экенин, келечекте ал көп аял алууну жана көп күйөөгө тийүүнү мыйзамдаштырарын белгилешкен. Ошентип бул демилгеге ирландыктардын 68% каршы добуш берди.

Мындан тышкары референдумдун катышуучулары Конституциядан аялдардын коомдогу ролу жөнүндөгү “аял үй тиричилиги аркылуу мамлекеттин таянычы болуп саналат, ансыз жалпы бакубаттуулукка жетүү мүмкүн эмес” деген сөздөрдү алып салуу сунушун четке какты. Ирландиялыктардын дээрлик 74% өзгөртүүгө каршы болгон.

Ирландиянын премьер-министри Лео Варадкар министрлер кабинетинин демилгелери ишке ашпай калганын моюнга алды. Өкмөттү сындагандар бийлик добуш берүү алдында оппозиция менен кеңешпей, өз алдынча аракет кылганын белгилешти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG