Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:17

Орусия: Навальныйдын өлүмүнө Путинди айыптаган жаран кармалды


Армениядагы акция. 16-февраль, 2024-жыл
Армениядагы акция. 16-февраль, 2024-жыл

Санкт-Петербургдун тургуну "Путин Навальныйды өлтүрдү" деп жазганы үчүн кармалды. Райондук сот саясий кастыктын негизинде бейбаштыкка шек саналган жергиликтүү тургун Евгений Смирновду бир айга камады.

Ал тосмонун бетине “Путин Навальныйды өлтүрдү” деп жазганы айтылууда. Смирновдун энесинин билдиришинче, анын үйү тинтилип, техника жана банк карталары алынган. Адвокаты аны эркиндикте калтырууну өтүнгөн. Тергөөнүн маалыматы боюнча Смирнов жазууну 16-февраль күнү түшкө маал тосмого жазган. Болжол менен ушул убакыттарда абакта олтурган оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын өлүмү тууралуу маалымат чыккан. Жубайы Юлия жана тарапкерлери Навальный орус президентинин буйругу менен өлтүрүлгөн деп ишенишет. Кремль айыптоолорду четке кагууда.

Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы ал 16-февралда сейилдеп келгенден кийин өзүн начар сезип, дароо эсин жоготконун маалымдаган. Сөөгү энеси Людмила Навальнаяга 24-февралда гана берилген.

47 жаштагы Навальный камакта 2021-жылдын январь айынан бери отурган. Былтыр августта ал “экстремисттик ишмердүүлүк менен алектенген уюмду негиздөө жана каржылоо” деген кине менен 19 жылга эркинен ажыратылган. Буга чейин “Ив Роше” иши боюнча айыпталып, тогуз жылдык жазасын өтөп жаткан. Орусиянын жогорку бийлигиндеги жемкорлук тууралуу ачык айтып келген Навальный өзүнө тагылган айыптарды четке каккан.

Ал 2022-жылы күзүндө ууландырылып, Германиядан дарыланган. 2021-жылдын башында Орусияга кайтып барганда кармалган. Бир катар укук коргоо уюмдары Навальныйды саясий туткун катары тааныган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG