Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:19

Мусулмандардын ыйык Рамазан айы башталууда


Бишкектеги борбордук мечит.
Бишкектеги борбордук мечит.

11-мартта Ислам дининдеги ыйык Рамазан айы башталууда. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы 10-мартта өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы окулуп, дүйшөмбүдөн орозо кармаларын билдирген.

Бул айда мусулмандар 30 күн орозо кармап, таң аткандан күн батканга чейин тамактанышпайт, суу ичпейт. Рамазан айы 10-апрелде Айт майрамы менен жыйынтыкталат. Айдын чыгышына карап, бир күнгө айырмаланышы мүмкүн.

Ар кандай маалыматтырга ылайык, Ислам динин дүйнөнүн 120дан ашык өлкөсүндө жашаган бир жарым миллиардга жакын адам карманат.

Ал арада Газа тилкесиндеги атышууну Рамазан айында токтото туруу жөнүндө сүйлөшүүлөр АКШ, Египет жана Катардын ортомчулугу менен уюштурулууда. Азырынча андан майнап чыга элек. Израил соңку сүйлөшүүгө өз делегациясын жөнөтпөй койгон. (SE)

XS
SM
MD
LG