Авторлор Казакстан менен Кыргызстандын мисалына кеңири токтолгон. Алар сөзгө тарткан Вашингтондогу C4ADS изилдөө компаниясынын талдоочусу Натали Симпсондун айтымында, кош максатта колдонулган товарларды ташуунун бул маршруттары абдан маанилүү.
“Бул -микроэлектроника, машиналардын тетиктерин, согуш майданында жана жеке керектөө үчүн пайдаланылган кымбат-баалуу товарлардын негизги жолу”, - деген пикирин ортого салды талдоочу.
Макалада айтылгандай, АКШ жана өнөктөштөрү кош максаттагы продукциянын “кара тизмесине” 45 буюмду киргизсе, февралда дагы бешөө кошулду.
Кытай бажысынын маалыматына ылайык, согуш башталгандан бери ошол товарлардын Казакстан менен Кыргызстанга экспорту кескин өсүп, былтыр 2022-жылга салыштырмалуу 64% көп болгон. Талдоочулар алардын басымдуусу кийин Орусияга жөнөтүлгөнүн такташкан.
Кеп болгон эки өлкөдөн тышкары тыюу салынган товарлар Бириккен Араб Эмираттары жана Түркия аркылуу агылып турат. Өткөн жылы Кытай Орусияга ошол товарларды 4,5 млрд долларга тикелей саткан.
Журналисттер белгилегендей, “кара тизмеде” камтылбаган дрондор Украинадагы урушта маанилүү куралга айланган. Согушка чейин Кытай Казакстанга бир да андай жабдыкты экспорттогон эмес. 2023-жылы, расмий сандарга караганда, Казакстан Кытайдан 5,9 миллион долларга учкучсуз учактарды алган жана 2,7 миллионго Орусияга экспорттогон.
Андан ары АКШ жана Еврошаркеттин расмий адамдары “күңүрт сооданы” токтотуу үчүн сөз болгон мамлекеттерге басым кылганы айтылат. Макала авторлору Казакстан менен Кыргызстан комментарий берүү өтүнүчүнө жооп бербегенин жазышты. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Орусия алар үчүн “маанилүү соода өнөктөшү” экенин, Бээжин “аскердик продукциянын экспортуна ар дайым олуттуу мамиле кылганын”, мыйзамдарды урматтаганын билдирди.
Гезит Киевдеги Экономика мектебинин статистикасын келтирет. Ага ылайык, Орусия өткөн жылдын 10 айында жер-жерден 8,8 млрд долларга кош максаттагы товарларды импорттогон. Бул – согушка чейинки мезгилге караганда болгону 10% аз.
Ал эми Москва Украинага кол салгандан кийин соодага байланышкан маалыматтарды чыгарууну токтотуп, былтыр айрым гана сандарды жарыялады. C4ADS изилдөө уюму аныктагандай, 2023-жылдын 7 айында Казакстан менен Кыргызстан Орусияга 64 миллион долларлык продукцияны сатышкан. Талдоочулар бул колдо бар, чектелген сандар чыныгы абалды чагылдарбашы мүмкүн деп эскертишет.
Журналисттер бажынын маалыматтарына таянып, Кытайдан келген товарлардын бир тобун америкалык компаниялар чыгарганын жазышат. Мисалы “кара тизмеге” киргизилген “эсеп машиналары” өткөн жылы International Business Machines (IBM) компаниясынын Кытайдагы филиалы аркылуу Бишкекке жөнөтүлгөн. 3 миң 700 долларга тете ал жабдыктарды АКШнын Фианансы министрлиги санкция салган орусиялык OOO BSO ишканасы алганы белгилүү болду.
IBM ал компаниялар менен иштебегенин, ички иликтөө жүрүп жатканын журналисттерге билдирди.
Макалада Орусияга санкцияларды кыйгап өтүүгө жардамдашкан казакстандык компаниялардын да мисалдары баяндалган.
Армения "бардыгы менен чатакташкан өлкөнүн" чек арачыларын алып кетүүнү сунуш кылды
Армения Москвага Еревандагы эл аралык аэропортто жайгашкан орусиялык чек арачыларды алып кетүүнү сунуш кылды. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына (ФСБ) кирген чек ара аскерлери 1992-жылы кол коюлган келишимдин негизинде “Звартноц” аэропортунда кызмат өтөшөт. Орус аскерлеринин Армениядагы макамын аныктаган келишимге ылайык, чек арачылардын 4 отряды ал өлкөнүн Түркия жана Иран менен текшерүү пункттарында жана Еревандагы аэропортто иш алып барат. Документ түзүлгөн учурда Армениянын өз чек ара кызматы түптөлө элек болчу.
Би-Би-Си жазгандай, өткөн шаршембиде Армениянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Армен Григорян эми аэропорттогу көзөмөлдү өлкөнүн чек арачылары өз колуна алууга тийиш деп билдирди. Анын айтымында, Орусияга расмий кат жөнөтүлдү. Бирок Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков эч кандай маалымат алышпаганын айтты.
Армениялык айрым саясатчылар "Тоолуу Карабактагы согушта Еревандын таламын талашып, колдобой койгон Орусия Армениянын чек араларын коргомок беле?" деген собол узатышат.
Би-Би-Синин кабарчысы Григор Атанесяндын пикиринде, Армения аэропорттогу эмес, Азербайжан менен чек араларын коргоодо көмөккө муктаж.
“Москвадан жардам ала албасына Еревандын көзү эбак эле жеткен”, эми өлкө “абадан коргонуу системаларын, чопкутталган машиналарды берүүгө, аскерлерди машыктырууга макул болгон Францияга үмүт артууда”. Кабарчы белгилегендей, Армения кагаз жүзүндө Орусиянын союздашы экенин эске алганда НАТОго мүчө-мамлекет олуттуу кадам таштады. Атанесян бир нече күн мурун орус тышкы иштер министри Сергей Лавров армян бийлигин “элдин аң-сезимине ачыктан ачык калпты куюп жатышканын” сындаган.
“Жалган деп министр Орусия менен өнөктөштүк ката болгон деген ой-пикирди айтууда. Андыктан чек арачылардан баш тартуу чечими жоопсуз калбайт”, - деп болжолдойт журналист.
Open Caucasus Media сайты орус чек арачыларын аэропорттон чыгарып кетүү зарылдыгы тууралуу февралдын аягында эле айтыла баштаганын жазат. Чечим Ереван менен Москванын алакалары начарлап кеткен маалга туш келгенин белгилейт. Сайт ортодогу пикир келишпестиктерге, кер-мур айтышууларга токтолуп, өткөн айда премьер-министр Никол Пашинян Армения Жаматтык коопсуздук келишим уюмундагы (ЖККУ) мүчөлүгүн убактылуу токтоторун айтканын эске салат. Армениянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Армен Григорян Москванын андан кийинки сынына жооп кайтарып, Армения жана башка өлкөлөр менен мамиленин начарлашы үчүн Орусияны айыптаган.
“Кимдир бирөө бардыгы менен чатакташып жүрсө, бул ал өлкөлөрдүн эмес, ошол жалгыз тараптын күнөөсү”, - деп айткан Григорян.
Орус Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Армения Украинанын кейпин кийип калат деп сес көрсөткөн.
“Батыш Украинаны дагы өз торуна түшүрүп алган, бардыгын кооздоп сурөттөп, мыкты перспективаларды убада кылган, анан ыргытып салышты”, - деген дипломат Армениянын да ушундай тагдырга туш болушун каалабасын кошумчалады.
Париж Олимпиадасында алгачкы жолу эркектер менен аялдардын саны теңме-тең болот
Быйыл жайында Парижде өтүүчү Олимпиадада медалдар үчүн ат салышкан аялдар менен эркектердин саны бирдей болот. Бельгиялык RTBF телеканалы Аялдардын укуктарын коргоо күнүндө мындай теңдикке кантип жетишилгенин талдаган.
Француз башкалаасы 1900-жылы кабыл алган оюндарга тарыхта биринчи жолу аял-атлеттер катышкан. Эми 124 жылдан кийин Парижде 5 миң 250 эркек жана ушунча эле сандагы аялдар жарышмакчы.
Өткөн кылымдын башында – 1900-жылы 22 кыз-келин теннис, гольф, крокет, ат спорту жана кайыкта сүзүүдө күч сынаган. Эркек спортчулардын саны ошондо 975 болчу.
1910-жылы Эл аралык Олимпиада комитетинин чечими менен аялдар Стокголмдогу оюндарга расмий катышкан. Алар сууда сүзүү жана сууга секирүү мелдештеринде ат салышкан.
Теңдикке карай ири кадам 1991-жылы ташталган. Эл аралык Олимпиада комитети оюндардын программасына киргизилген спорт түрлөрүн тандоо ыкмасын өзгөртүп, аялдар катышкан мелдештер камтылууга тийиш деген жобо кабыл алынган. Көп узабай Олимп кыймылынын хартиясына тең укуктуулук принцибин урматтоо беренеси киргизилген. Улуттук Олимпиада комитеттериндеги аялдардын санын көбөйтүү да сунуш кылынган.
2012-жылкы Лондон Олимпиадасында аялдар алгачкы жолу бокс мээлейин кийип, рингге чыккан.
Макалада дагы бир статистика айтылат. 1996-жылы Атлантада ат салышкан аялдардын саны 34% болсо, 2020-жылы Токиодо 48% жеткен, Парижде 50% болмокчу.
Паритетке жетишүүнүн натыйжасында эркек катышуучулардын саны азайды. Алсак, 2016-жылы Риодо 6 минден ашуун эркек спортчу жарышса, Парижге 5 миң бармакчы.